Борбор Азиядагы коопсуздук жана ишеним эркиндиги бүгүн эл аралык Бишкек форумунда талкууланганы жатат. Форум аймактык коопсуздукту камсыздоо тутумунда диний ишенимди жайылтууга мамлекет жана коом тарабынан бирдей мамилени аныктоо максатын көздөөдө. Эки күндүк бул иш чараны Коопсуздук кеңеши, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду жана президенттин алдындагы стратегиялык баа берүү жана талдоо Эл аралык институту уюштурууда. Ага Борбор Азия мамлекеттеринен расмий өкүлдөр, эксперттер, диний конфессиялардын өкүлдөрү чакырылды. (BuS)