Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:19

Тегеранда оппозиция тарапкерлери кайрадан нааразылыкка чыкты


Тегерандагы нааразылык акция. 20-июнь,2009-жыл.
Тегерандагы нааразылык акция. 20-июнь,2009-жыл.

Демонстранттар өткөн аптадагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүүдө. Бирок полиция аларды суу, көздөн жаш чыгаруучу газ менен кууп таркатууда.

Күбөлөр миңдеген демонстранттар көчөлөрү кесилишкен үч жерде чогулганын билдиришүүдө. Аларга миңдеген полиция кызматкерлери жана Басиж күчтөрү кол салды. Ирандын Жогорку Кеңеши бүгүн кайрадан оппозиция лидерлерин «мыйзамсыз» демонстрациялар үчүн жооп берип калышаарын эскерткен. Полициялык көзөмөл Рашт жана Исфахан шаарларында да күчтүү экендиги кабарланууда. Анын аралыгында, Тегерандагы Иран төңкөрүшүнүн жол башчысы Аятолла Рухолла Хоменейинин күмбөзүндө жанкечти өзүн өзү жардырганы кабарланды. Бул маалыматка көз карандысыз бышыктоо болот элек.

Иран өкмөттүк сыналгысынын кабарлашынча, Сакчылар Кеңеши талаш-тартыштуу президенттик шайлоодогу добуштар салынган кутулардын 10 пайызга жакын бөлүгүн кайра санап чыгууга даяр экенин бүгүн (20-июнда) билдирди. Оппозициялык эки талапкер – Мир Хусейн Мусави менен Мехди Карруби Сакчылар Кеңешинин бүгүнкү жыйынына келбей койгон.

Ирандын Коопсуздук кеңеши жеңилгендиги расмий жарыяланган реформачыл президенттик талапкер Мир Хусейн Мусавиге мындан аркы нааразылык иш-чараларынын кесепеттери үчүн өзүң жооп бересиң деп бүгүн дагы эскертти.

Кечээ, 19-июнда, Ирандын руханий көсөмү аятолла Хаменейи 12-июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүү жөнүндөгү оппозициянын талабын жүйөсүз кеп деп, шайлоо жыйынтыгын таанууга чакырды. Айатолла Хаменейи Ирандагы адам укугун бузуу учурларын сындаганы үчүн Британияга акаарат келтирди, ал эми расмий Лондон болсо анын айыптоосун четке какты.

Бул арада АКШнын конгресси Иранда демонстранттардын куугунтукталышын айыптаган резолюция кабыл алды. Европа Биримдигинин мамлекет башчылары да Иранды талаштуу шайлоого байланышкан нааразылык акцияларына бөгөт койбоого чакырды. Ал эми Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча башкы өкүлү Нави Пиллей Иранда камакка алуулардын көбөйүшүнө тынчсыздануу билдирди.


Иран: А. Хаменейи шайлоону таанууга чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

XS
SM
MD
LG