Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

АКШнын президенти Барак Обама расмий сапар менен Москвага келди


Бүгүн Обама орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушаары күтүлүүдө. Алар орус-америка саммитин өткөрүшөт. Орусия менен АКШ стратегиялык чабуул куралдарын кыскартуу боюнча келишимдин текстин кечээ гана такташып бүткөнү айтылган. Азыркы келишимдин мөөнөтү 5-декабрда аяктамак. Обама Москвада эки күн болот жана Медведев менен жолугушууларда Орусиянын аймагы аркылуу курал-жаракты Ооганстанга ташып өтүү үчүн Кремлдин уруксатын алганга да аракет жасай турганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG