Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Апта: Атаандашкан Россия менен АКШ, теңтайлашкан талапкерлер...


Президенттикке талапкерлер аймактарды кыдыруусун улантууда.
Президенттикке талапкерлер аймактарды кыдыруусун улантууда.

Россиянын таасирдүү министрлери, АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Кыргызстанда болду. Үрүмчүдө кандуу кагылышуу орун алды. Президенттике талапкерлердин таймашы уланууда.

И. Сечин менен У. Бернстин улаалаш сапарлары

11-июлда Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс келди. Президенттин маалымат катчысынын кабарлоосуна караганда, Бернсти 11-июлда кечке жуук Бишкекте Курманбек Бакиевдин кабыл алуусу белгиленген. Андан сырткары америкалык дипломат тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен да жолугушат. Жолугушууда "Манастагы" Транзиттик борбор, кыргыз-америка кызматташууларына байланыштуу маселелер талкууланат. Белгилүү болгондой, Транзиттик борбор ачылганга чейин АКШы президенти Барак Обама Курманбек Бакиевге жазган катында эки тараптуу мамилелер боюнча сүйлөшүү үчүн жогорку деңгээлдеги делегация жиберерин билдирген эле. Кыязы мына ошол сөз аткарылууда.

АКШы делегациясынын алдында Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин жана коргоо министри Анатолий
Сердюков 8-июлда Кыргызстанда кыска сапар менен болуп кетти. Орус делегациясы Бишкекте президент Курманбек Бакиев менен жабык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал сүйлөшүүлөргө өкмөт башчы Игорь Чудинов да катышкан. Өкмөттүн да, президенттин да маалымат кызматы жабык өткөн жыйында эмне талкууланганы тууралуу кабарсыз экенин билдирүүдө.

Маселен, премьер-министр Игорь Чудиновдун маалымат катчысы жолугушуу президент тарапта болгонун айтып, бирок эмне суроолор көтөрүлгөнү тууралуу кабарсыз экенин айтты:

- Жолугушуу тыякта (президент тарапта) болду. Премьер-министр катышты. Бирок эмне маселелерди талкуулашканын айта албаймын. Мен катышкан жокмун, деген Султангазиев сүйлөшүүлөрдүн темасы тууралуу да кабары жок экенин кошумчалады.

Орус өкмөтүнүн делегациясынын сапары тууралуу расмий маалымат берилбегенден кийин сапардын максаты тууралуу түрдүү түкшүмөлдөр пайда болду.

Кыргызстандын коргоо министрлигинин маалымдар кызматкеринин айтуусуна караганда, Игорь Сечин менен Курманбек Бакиевдин жолугушуусунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн бөлүгүн түштүк региондо түзүү маселеси талкууланды. Андай күчтөрдү түзүү боюнча келишимге ЖККУга кирген мамлекеттер 14-июнда Москва саммитинде кол койгон. Бирок ЖККУнун жети мүчөсүнүн ичинен Беларус жана Өзбекстан ал келишимге кол койгон эмес. Ошондуктан Москва келишиминин алкагында түштүк регионго ЖККУнун күчтөрүн жайгаштыруу мыйзамга жата бербейт деген мурунку коргоо министри Исмаил Исаков Сечиндин сапарынын максаты тууралуу буларга токтолду:

- Сапардын негизги максаты Кыргызстандагы коргонуу тармагындагы өнөр жай ишканаларын өздөрүнө өткөрүп алуу. Себеби дегенде “Дастан” алардын колуна өткөрүлбөдүбү. Эми анын механизмдерин тактоо болду окшойт. Экинчиден менин оюмча, ЖККУнун Ыкчам аракеттенчү күчтөрүн түзүү жөнүндө сөз чыгып жатпайбы. Мына ошонун бир бөлүгүн жайгаштырабыз деген аракет болсо керек. Бирок мен айта турган нерсе, ал келишим күчкө кириш үчүн ЖККУга кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин баары ага кол коюш керек. Бул келишимге болсо Өзбекстан менен Беларустун президенттери кол койгон жок. Ошондуктан бул күчүнө кире элек документ. Андан сырткары ал келишим бардык өлкөлөрдүн парламенти тарабынан ратификацияланып, президенттердин колу коюлуш керек. Аскер жайгаштырунун андан башка кандай жолдору бар? Эки тараптуу Кыргызстан менен Россиянын келишими менен аскер базасын жайгаштырууга болот. Бирок эки тараптык келишим тууралуу биздин коомчулук да билбейт. Эч ким билбейт. Ошондуктан мунун баардыгын сүйлөшүүлөрдүн башталышы, же мыйзамсыз иштердин аракетинен пайда болгон нерсе катары атасак болот.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун айтымында, Ычам аракеттенчү күчтөргө ар бир өлкөнүн күч структураларынын бардык бөлүктөрү кирет:


- Алардын ичине Ички иштер министрилиги өзүнүн курамы, УКМКнын өзүнүн курамы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнүн бөлүктөрү менен кирет. Алардын алдына коюлган биринчи кезектеги милдет, жети мамлекеттин президенттери кандайдыр бир чечим кабыл алган болсо, ал күчтөр заматта ошол жерде пайда болушат.

Сечиндин сапары учурунда мына ошол күчтөрдү курал-жарак, аскердик форма менен камсыздоо, жайгаштыруу маселелери жөнүндө сөз болгон.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов түштүк региондо ЖККУнун күчтөрүн жайгашытрууну колдоорун билдирди:

- Түштүктө ЖККУнун күчтөрүн жайгаштырабыз дешсе, жеке мен макулмун. Мен бир нече жолу айтканмын, жазганмын биз үчүн эң коркунучтуу Фергана өрөөнү болуп жатат деп. Фергана өрөөнүндө калк эң жыш жайгашкан. Суу, жер жетишпейт. Жумушсуздук жогору. Анан бул региондо үч мамлекеттин кошулган чек арасы бар. Үч мамлекеттин ар кандай саясий режимдери болуп атат. Ортодо эл кыйналып жатат. Ошон үчүн терроризм чыгып жаткан жер ошол түштүк болуп жатат. Ошон үчүн Фергана өрөөнүнө биз курал, күчтөрдү көбөйтүшүбүз керек. Анткени Кыргызстандын бүтүндүгүнө коркунуч ошол Фергана өрөөнүнөн чыгышы мүмкүн. Биздеги коргоо күчтөрүн түштүк жакка жылдырганга мажбур болобуз. Аны жасаганга кечигип калбашыбыз керек. ЖККУнун базасын түштүктө ачабыз деген ой болсо, аны мен толугу менен колдоймун. Себеби коркунуч ошол Фергана өрөөнүнөн чыгат.

Эгемендүүлүгү жок уйгурлардын азабы...

5-июлда Кытайдын Үрүмчү шаарында кандуу калаба орун алды. Жергиликтүү уйгурлар менен кытайлардын кагылышуусунан 156 , акыркы кабарлар боюнча 184 киши өлүп, миңден ашууну жарадар болду. Кытай бийлиги шаарга аскерлерди киргизип, эки улуттун ортосуна арачы койду. Кырдаал азыркы мезгилге чейин чыңалып турганы кабарланууда.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо Үрүмчүдөгү кыргыз жарандарын мекенине кайтарууну уюштурууда. Министрликтин маалыматы боюнча, Үрүмчүдө 170тей кыргыз жараны бар. Алардын ичинен 100дөйү жеке ишкерлер. 10-июлда 54 кыргыз жараны учак менен Бишкекке карай жол тартышты. Ошол эле күнү дагы 50дөй киши автобустар менен Кыргызстанга багыт алышкан. Кандуу кагылышууларда кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат жок экенин кабарлады.

Дүйнөлүк мамлекеттер ичинен Түркия гана Кытайдагы кан төгүүлөрдү айыптап, аны геноцидке тете көрүнүш катары баалады.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан бийлиги эч кандай реакция жасаган жок. Андай реакция жасоого бул өлкөлөр жөндөмсүз дейт саясат таануучу Орозбек Молдалиев:

- Кыргызстан эми бул окуяга реакция жасай албайт. Себеби дегенде Шанхай кызматташуу уюмунун негизги максаттарынын бири терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү деп, бул чечимге биздин Борбор Азия мамлекеттеринин бардыгын кол койдуруп алган. Болгон акцияны сепаратисттер уюштурган деген маселеге такап коет дагы, биз ошон үчүн аны айыптай албай калабыз.

Кыргызстанда 60 миңдей уйгур бар. Алардын “Иттипак” аттуу уюму Кытайдагы кандуу окуялардан кийин чукул жыйын чакырды. Уюмдун башчысы Дилмурат Акбаров Үрүмчүдөгү кандуу окуя тууралуу буларды билдирди:

- Бул нерсе токтобойт. Кытайда коммунисттик режим жоголуп, демократиялык режим орноп, уйгурлардын жок дегенде автономияга укугу калыбына келгенге чейин токтобойт. Ал жерде ассимиляциялык саясат жүрүп жатат. Ошондуктан бул мындай нерселер токтобойт. Бүгүн басса, эртең кайра чыгат.

Дилмурат Акбаровдун айтымында, уйгурлардын эгемендүүлүк үчүн күрөшү 300 жылдан ашык убакыттан бери уланып келатат. Ал мезгилден бери 700дөн ашуун көтөрүлүш чыккан.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев уйгурлардын эгемендүүлүк үчүн күрөшү тууралуу буларды билдирди:

- Шинжаң уйгур автономиялуу районун эгемендүүлүккө чыгарабыз деген эки багыттагы уюм бар. Бири демократиялык жол менен демонстрация, митинг, тынчтык жол менен өлкөбүздү боштондукка чыгарыбыз дегендер. Алар Европа жана АКШдагы уйгур диаспорасынын өкүлдөрү. Экинчи багыттагысы - Чыгыш Түркстан ислам кыймылы. Алар радикалдык жол менен Чыгыш Түркстанды Кытайдан бөлүп, халифат курабыз дегендер. Эми эки багыттагы аракеттердин тең ишке ашуусу азыркы шартта реалдуу эмес.

Кыргызстандык укук коргочу Азиза Абдырасулова Кытайдагы кан төгүүлөрдү кескин айыптады:


- Кытай деген диктатордук, авторитардык өлкө. Кыргыздар биз өзүбүздүн колубуздагы дөөлөттөрүбүзгө анча баа бербей келебиз. Биздин өзүбүздүн мамлекетибиз, тилибиз, укуктарыбыз, конституциябыз бар. Уйгур элинин саны кыргыздарга караганда көп болгонго карабай эгемендүүлүккө канча жылдардан бери жетишпей келатат. Бул элдин дагы эгемен мамлекет болгонго, өздөрүнүн тарыхын, улуттук салттарын, тилин, динин сактоого укугу бар. Уйгур элинин кысымга кабылышы бул биринчи эмес. 1950-жылдары да ушундай кысымдан уйгурлар дүйнөнүн көптөгөн бурчуна баш паанек сурап кеткен. Кытай эл республикасында улуттук теңдик жок.

Кызыган так талаш

Узап бараткан жумада президенттике талапкерлер үгүт өнөктүгүн кызуу улантышты. “Ак жол” партиясынын талапкери Курманбек Бакиев Ысык-Көл, Нарын облусунда шайлоочулар менен жолугушту. Келерки жумада Курманбек Бакиев Ош облусунда болууга камданууда.

Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев да Ысык-Көл жана Нарын облустарында болду. Мына ушул региондордо бийлик менен оппозициянын талапкерлеринин күчү теңделип, шайлоо өнөктүгүндө чыныгы таймаштын белгилери пайда боло баштады. Маселен, Ысык-Көл облусунда оппозициянын иш чарасы дайыма чагымга кабылып, анын натыйжасында ийгиликке жетише албай келген.

Алмазбек Атамбаевдин кыдыруусунда болсо, анын штабынын кабарлаганына караганда, 2-3 миң киши ар бир айыл, шаарларда жолугушууларга топтолуп чыгышып, колдоолорун көрсөтүштү. Ушундай эле көрүнүш Жумгал жана Кочкор районунда да болгон. Алмазбек Атамбаевдин пикирлештери Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков жана башкалар Чүй облусунун айылдарында, жаңы конуштарда шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүп, жаман эмес натыйжаларга жетип жатышканын шайлоо штабы маалымдоодо.

“Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариев Жалал-Абадда жолугушуулар өткөрүп, Талас өрөөнүндө үгүт өнөктүгүн баштады. Жеңишбек Назаралиевдин Жалал-Абадда, Нурлан Мотуевдин Бишкекте, Токтайым Үмөталиеванын Нарын, Ошто үгүт иштерин жүргүзгөнү кабаланууда.

Бирок бул шайлоо өнөктүгүндө дебаттар толук кандуу болбой калды. Өздөрүн негизги атаандаш деп эсептеген Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев теледебаттарга катышуудан баш тартышты. Ошого байланыштуу УТРКа уюштурган талапкерлердин тегерек стол жыйынына да эки күчтүү талапкер келген жок. Ал эми үгүт өнөктүгүн аякташына дээрлик он күн калууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG