Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Нурлан Мотуев шайлоодо аягына чейин барат


Бүгүн президенттикке талапкер Нурлан Мотуев маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо алдында элге кайрылуу менен чыкты. Мотуев элди өлкө башчысын тандоодо жаңылыштыкка жол бербөөгө үндөп, татыктуу талапкерге добуш берүүгө чакырды. Шайлоо алдындагы программасынын урунттуу жерлерине токтолгон Мотуев президент болуп кала турган болсо Кыргызстан экономикасын алтын, көмүр, суу өңдүү балуу жаратылыш ресурстары аркылуу көтөрүп, өлкөнү туристтик багытта өнүктүрүү максаты бар экендигин билдирди. БЭК атынан бирдиктүү талапкер Алмазбек Атамбаевдин дарегине кескин сындарды жаадырган Мотуев, дагы бир талапкер, учудагы президент Курманбек Бакиевге карата эч нааразычылыгы жок экендигин билдирди. Ал ошондой эле шайлоо маалында добуштарын башка бир талапкердин пайдасына берет деген каңшаар кептерди четке кагып, президенттик ат салышта аягына чейин бараарын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG