Иран полициясы оппозициянын лидери Мир Хосейин Мусавини Тегерандагы көрүстөндөн күч менен чыгарды. Мусави өткөн айдагы президенттик шайлоодон кийин башталган демонстрациялар маалында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышып жаткан. Айрым маалыматтарга караганда, полиция көрүстөнгө чогулган жүздөгөн адамды кууп таркатып, бир нечесин камакка алды.