Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Башка өлкөдөн баш калка издегендер


Cоциал-демократиялык партиянын мүчөлөрү Алишер Бакышев жана Канайым Султанова чет өлкөдөн башкалка сурап жатышат.
Cоциал-демократиялык партиянын мүчөлөрү Алишер Бакышев жана Канайым Султанова чет өлкөдөн башкалка сурап жатышат.

Өзгөн районунда социал-демократиялык партиянын алты өкүлү шайлоодон кийин өмүрү коркунучта болуп жатканын билдирип, чет өлкөдөн башкалка сурады.

Алишер Бакышев –
социал-демократиялык партиянын Өзгөн райондук төрагасы. Кечээги президенттик шайлоодо талапкер Алмазбек Атамабаевдин аймактык штабын жетектеди. Анын айтымында, анын жана дагы беш партиялашынын өмүрүнө соңку кезде олуттуу коркунуч жаралууда.

- Коркутуп-үркүтүү аябай эле күчөдү. Жеке өзүмө чөнтөк телефон аркылуу «керт башыңардын коопсуздугун ойлогула!» деген мааниде үзгүлтүксүз маалымат жөнөтүшүүдө, - деп кепти алыстан баштады СДПнын Өзгөн райондук төрагасы Алишер Бакышев.Кечээ ОБСЕден келген өкүлдөргө айттым, «айрымдарыбыз башкалка таап чет өлкөлөргө кетели» деп. Эгерде азыркындай мамиле уланса, патриот кишилердин көзүн тазалоо кеп эмес. ОБСЕнин өкүлдөрү сөзүбүздү угуп, алтообуздун дайын-дарегибизди такташтырып, «эми элчиликке билдиребиз» деп кетишти.

СДПНын жергиликтүү лидери Алишер Бакышев Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюму алардын өтүнүчүн жакынкы арада канаттандыраарына ишенип тургандыгын кошумчалады.

Чет өлкөдөн башкалка издегендердин бири Канайым Султанова - Өзгөн районуна караштуу Капар Кулматов атындагы орто мектептин мугалими. Ал президенттик шайлоодон кийин санаалаштарына карата куугунтук күчөгөндүгүн белгиледи:

- Мени дагы айыл өкмөтүнө, анан акимге чакырышты. Бардым. Бирок өзүмдүн идеямдан, позициямдан кайткан жокмун. Шайлоодон кийин айылга барсак, «эл-журт бузаарлар» деп жаман көрүп жатышат. Чынында, кысымчылык катуу болуп атат. Мындан ары тынч жашап калаарыбызга көзүбүз жетпей калды. Бийликке ишеничибиз таптакыр жоголду.

Мугалим Канайым Султанова ушундан улам ЕККУнун өкүлдөрү аркылуу Австрия мамлекетинен баш калка сурагандыгын билдирди.

Ошентсе да, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү СДПчылардын мындай кадамын колдобой тургандыгын айтышууда. Маселен, аталган уюмдун Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевдин пикиринче, жогорудагыдай аракет бийликке багынууну туюндурат:

- «Ата Мекендин» активисттерин коркуткан, а түгүл токмоктогон фактылар бат-бат катталып жатат. "Хизбут-тахрир" диний экстремисттик партиясына өлкөдө кандай тыюу салынса, «Ата Мекендин» Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө кыргыз бийлиги кадам сайын бут тосууда. Ошентсе дагы, мисалы, Кыргызстандан эч жакка кетпейбиз. Мамлекеттин жаркын келечеги үчүн кашык каныбыз калганча күрөшөбүз.

Айтмакчы, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев Кыргызстанда оппозиция акыры жеңээрине үмүттөнөт.

Бирок бийликчил саясий уюмдар СДПчылардын кайрылуусун өлкөнүн дүйнөлүк кадыр-баркын атайылап төмөндөтүү жоругу катары баалашууда. Ушул өңүттө президент Курманбек Бакиевдин Оштогу штабынын өкүлү Руслан Ташанов төмөнкүлөргө токтолду.

- Албетте, убагында сын-пикирлер айтылып турганы жакшы. Биздеги демократиянын эң негизги элементи ушул болуп саналат эмеспи. Калыс ой коомдун жакшырышын өбөлгө түзөт. Ал эми оппозиция бийликтин адилет иштешине шарт жаратат. Бирок ошол эле убакта азыркы кыргыз оппозициясынын бир дагы сын-пикири ынанымдуу жана орундуу эмес болуп жатпайбы.

Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик оппозиция куугунтукка кабылбай эле, ээн-эркин иштеп жаткандыгын билдирүүдө. Мисалы, Өзгөн районунун акими Байышбек Жуманазаров социал-демократтардын чет өлкөдөн башкалка суроосуна негиз жоктугун айтып, СДПнын аймактык лидери Алишер Бакышевден «бөйрөктөн шыйрак чыгарууну» токтотууну талап кылды.

Ошентсе да, жергиликтүү серепчилер район акиминин айткандарын актануу катары кабылдашууда. Алар жергиликтүү бийлик оппозицияны опузалоо жана күч колдонуу жолунан кайтпаса, түбү барып жарандык жаңжалга айланаарын эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG