Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Эмил Каптагаев Жогорку Сотко көзөмөл арыз берди


Адвокат Мукар Чолпонбаевдин билдиргенине караганда буга Ысык-Көл облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Эмил Каптагаевдин сот ишин териштирип жаткан Каракол шаардык сотуна ишеним көрсөтпөө максаты негиз берүүдө. Соттук териштирүү бир жактуу жүрүп жатат деген айыпталуучу жана анын жактоочусу буга чейин сот тепкичтеринин төмөнкү баскычтарына кайрылып, канагаттандырарлык жооп алган эмес.
Каптагаевге “Кумтөрдүн” алдындагы Өнүктүрүү корундагы каражатты максатсыз пайдаланган деген айып боюнча 2008-жылы кылмыш иши кайрадан козголуп, соттук териштирүүлөр жарым жылдан бери созулуп келатат. Облустун мурдагы жетекчилери Эмилбек Анапияев менен Эмил Каптагаевге каршы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып менен 2002-жылы кылмыш иши козголуп, ал иш 2004-жылы токтотулган. (BuS)

XS
SM
MD
LG