Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Балыкчы окуясында кармалгандар кайтарылды


Балыкчы окуясы боюнча камалган 14 киши 12-августта Балыкчы шаарына которулду. Мунун себеби расмий түшүндүрүлө элек. “Ата-мекен” партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Райымбек Мамалжановдун болжолдуу маалыматына караганда ИИМдин облустук бөлүмү ишти тергөөнү кайра Балыкчы шаардык кызматынын карамагына берди. 23-июлда өткөн президенттик шайлоо маалындагы оппозиция тарапкерлеринин нааразылык акциясын Балыкчы шаардык милициясы күч менен басып, 14 кишини кармап, Караколдогу тергөө абагына жеткирген болчу. Аларга азыр Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, баш аламандык уюштурууга аракет кылды жана шайлоого тоскоол болду деген айыптар тагылууда. Баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу камактагылардын апелляциялык арыздарын шаардык, облустук соттор канагаттандырган жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG