Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Т. Акун: С.Аргымбаевдин денесинде көгала байкалды


Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбек Акун бүгүн Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын №1 тергөө абагында болуп, ал жерде кармалып турган “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловдун абалы менен таанышып чыкты. Акыйкатчынын айтымында, булардын ичинен Сапар Аргымбаевдин көзүнүн үстүндө жана көкүрөгүндө көгала болгон жерлери байкалган. Ал эми Эркин Бүлекбаев чоң энесинин үй-жайын сатып, акча чогултуп жатканын билдирген. Ал эми тергөө абагынын башчысынын орун басары Калыбек Ишимов бул үч инсанга карата эч кандай зордук-зомбулук жасалбаганын билдирген. Белгилүү болгондой Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги жана УКМКнын башчысына кайрылып, Э.Бүлекбаев, С.Аргымбаев жана У.Рыскуловдун өмүрүнө коркунуч туулуп, алардан абактагылар 25-50 миң доллардан акча талап кылып жатканын билдиришкен. Укук коргоочулар үчөөнүн УКМКнын абагынан которулушун да айыптаган. Турсунбек Акун Эркин Булекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловга байланыштуу билдирүүлөрдү жана алардын абактардан которууларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштады жана ал комиссиянын курамына өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана укук коргоочулар кириш керектигин белгиледи.(AiT)

XS
SM
MD
LG