Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Ооганстан тынчымайын коңшуларга бейпилдик жок


Кызматы аяктап бараткан Британ элчиси Пол Браммел
Кызматы аяктап бараткан Британ элчиси Пол Браммел

Ооганстан тынч турмушка өткөнчө жанындагы коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу калтыс абалда калары шексиз.

Мындай пикирин Улуу Британиянын Кыргызстан менен Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Пол Браммел билдирди.

Улуу Британиянын кызматтык мөөнөтү аяктап бараткан элчиси эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алака-катыш жыл санап арбып баратканын, биртоп социалдык тармактарда атайын программалар иштеп жатканын, аларды каржылоого жыл сайын 10 миллион ашуун доллар акча бөлүнөрүн, жалпы инвестициянын көлөмү 37 миллион долларды түзөрүн маалымдады. Пол Браммел Ооганстандагы абалды жөнгө салууга багытталган антитеррордук коалицияга Кыргызстан да өз көмөгүн кошуп жатканын белгиледи.

“Биз баарыбыз чогуу иштешибиз зарыл. Албетте, Улуу Британия Транзиттик борбордун ишине түздөн-түз катышпайт,- деп айтты британиялык элчи.- Анткен менен биз кыргыз өкмөтүнүн Транзиттик борборду түзүү чечимин кабыл алганына абыдан ыраазы болдук. Себеп дегенде, бул Транзиттик борбор жалпы эле коалиция үчүн маанилүү роль ойнойт. Ооганстандагы абал тынч эмес экенин билебиз. Ошондуктан НАТО жана антитеррордук коалицияга кирген өлкөлөр үчүн бул өтө маанилүү. Бул кыска убакта аткарылчу жумушка кирбейт”.

Пол Браммел Ооганстандын турмушунда айрым оң жылыштар болуп жатканын, экстремисттик күчтөргө каршы күрөш да күчөп баратканын, бирок бул иштер кыйла узакка созуларын белгиледи. Ооганстандагы кырдаалдын жөнгө салынбай жатышы анын жанындагы өлкөлөрдү өзгөчө кабатырлантууда.

Парламенттин төрага орунбасары Кубанычбек Исабековдун айтуусунда, жагдай чынында эле татаал бойдон калууда.

“Анан мына Ооганстанда да азыр тынчтык жок экенин билесиңер. Талибандар дагыле бар,- дейт К.Исабеков.- Пакистан менен Ооганстанда кадимкидей согуштар болуп жатат. Кыргызстанда да Ооганстандан Тажикстан аркылуу ташылып келчү баңгизаттар көбөйүп жатат. Бул базаны өтө маанилүү, керектүү деп эсептейм”.

Бирок да кыргыз парламенти февраль айында Ооганстандагы кырдаал жөнгө салынып, Бишкекке жуук “Манас” абамайданында антитеррордук коалиция күчтөрүнүн аскер аба базасын кармап туруунун зарылдыгы жоктугун ырастап берген. Кыргыз өкмөтү базаны чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын 3-февралда президент К.Бакиев Москвадан жарыя кылган. База боюнча келишимдерден чыгуунун мыйзамдык жөрөлгөлөрү айдын аягына жетпей соңуна чыккан. Арадан 4 ай өтүп-өтпөй парламент жуп каникулга тарап кетерге чукул АКШ менен Кыргызстан өкмөтүнүн Транзиттик борборду түзүү боюнча жаңы келишимдери жактырылып, жылдык ижара акы 60 миллион долларга көбөйгөн.

“Манас” абамайданындагы аскер базасын чыгаруу кыймылынын жетекчиси Александр Типеровдун ырасташынча, Транзиттик борбордун мурунку аскердик түзүмдөн айырмасы деле жок: “Болгону кире беришинде илинген көрнөктү гана өзгөртүп коюшту. Иш жүзүндө аскер базасы эле калды. Дипломатиялык колтийбестик өзгөргөн жок. Мурда база аткарган иштер эми деле аткарылып жатат.”

Мурдагы аскер базанын ордуна жайгашкан Транзиттик борборго 11-сентябрда Кыргызстандын президенти барып, мындан 8 жыл илгери АКШда өткөн алаамат окуяны эстеп, бейажал набыт болгондорду эскерди. Мамлекет башчы Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга өз салымын кошуп жатканын белгиледи.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип, Бишкектеги маалымат жыйынында Пол Браммел Кыргызстандагы шайлоолорго да токтолду. Ал биринчи иретте Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун сын пикирлерин эске алуу менен эларалык стандартка шайкеш келиши керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG