Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:18

Мамлекет муфтият реформасына тынчсызданууда


Коопсуздук Кеңешинин аппарат жыйынында Кыргызстандын муфтиятын реформалоо маселеси козголду. Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров дин башкармалыгын Кыргызстандын мыйзамдары менен жашоого, муфтийди кызматка коюунун, кызматтан алуунун так механизми болушун талап кылды. Кечээ Коопсуздук Кеңешинин аппарат жыйыны диний фанатизм маселесин талкуулап, динге берилип кеткендердин саны артып бараткандыгы, буга диний жараянга ырааттуу көзөмөл жүрбөй жаткандыгы себеп катары белгиленди. Дааватчылык күчөп кеткендиги мисалга тартылып, буга идеологиялык колдоо көрсөтүп жатат деп саналган “Таблиг жамаат” кыймылын мыйзамсыз деп таануу сотко сунушталды. (BuS)

XS
SM
MD
LG