Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

«Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтери» жөнүндө мыйзам күчүн жоготту


Жогорку Кеңеш 65 добуш менен ГЭСтери жөнүндөгү мыйзамдын күчүн жоготуу боюнча өкмөттүн сунушун колдоп берди.Бул мыйзамдын күчүнүн жоголушу менен Камбар-Ата ГЭСтерин күрөөгө коюуга жол ачылат.

А.Елисеев башында турган Өнүктүрүү фонду ГЭСке насыя бөлүш үчүн мыйзамды өзгөртүү талабын койгон. Өнүктүрүү фондуна Кыргызстан Россиядан мамлекеттин эсебинен алган 300 миллион доллар насыя өткөрүлүп берилген. Коммунисттик жана социал-демократиялык фракциялар мыйзамдын күчүн жоготууга кескин карышылыгын билдирип, бул ГЭСтерди менчиктештирүүгө алып келерин айтып чыгышты. Бирок “Ак жол” фракциясы көпчүлүк добуш менен мыйзамдын күчүн жоготууну колдоп добушун берди. (Ait)

Тасмада: Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү

Кыргызстан 2009-жылы декабрда Камбар-Ата -2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүүнү максат кылууда. Биринчи агрегатты ишке киргизүү өлкөгө жылына кошумча 400 млн. кВт. саат электр кубатын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. BD.

Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

XS
SM
MD
LG