Пахта терип, каражат тапчу өзбекстандыктар Жалал-Абад областына чек арада кайтарылбаган жашыруун жолдор менен өтүп жатышат. Ага коңшу мамлекеттин чек арасынын жабыктыгы себеп болууда.Чек арада кармалбоо үчүн алар областтын Базар- Коргон районундагы тааныш-туугандарыныкында жумалап жатып калышып, терген пахтасынын килосуна 2 сомдон акы алышат. Ноокен районундагы дыйкандар аларды чек арадан алып келип, түшкү тамагы менен кечинде чек арага жеткиргенден тышкары пахтасына 2 сом 50 тыйындан акы төлөшөт. Талдоочулар областтын пахтачылары жумушка жарактуу адамдын жетишсиздигинен мээнет кайтпаган талаа жумуштарына өзбекстандыктарды тартууга мажбур экендиктерин айтышат. (YA)