Облус борборундагы көптөгөн үйлөргө бүгүнкү күнгө дейре газ келген жок. Газ 59, 3 миллион сом карыз үчүн 25-сентябрда өчүрүлгөн. Майлуу-Суу шаарындагы электр шам чыгарчу заводдун 54 миллион сом карызы өкмөт тарабынан токтотулган. Тармактык башкармалык ошол ишкана менен Жалал-Абаддын Спутник жана Көк-Арт кичи райондору 16- октябрдан тарта газ алып жаткандыгын билдирди. Тургундардын 80-90 пайызы газ акысын төлөгөн эмес. Облуска күнүнө келген бир жарым миң чарчы метр газ жетишсиз болууда. Аталган кичи райондордун жашоочулары газ чарбасынын маалыматын жокко чыгарышты. (YA)