Президент Курманбек Бакиев бүгүн мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр боюнча программасын жарыялайт. Буга байланыштуу өкмөт үйүндө чоң жыйын өтөт. Президент 1-сентябрда парламентте сөз сүйлөп, реформаны өзүнүн администрациясынан баштаарын, мамлекеттик катчы жана президенттин кеңешчилери сыяктуу кызмат орундар жоюларын айткан. Андан кийин жумушчу топ түзүлүп башкаруу системасын реформалоо боюнча концепция даярдалган. Концепция 22-сентябрда президентке тапшырылган. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр азыркы бийликти үй-бүлөлүк башкаруу системасын орнотту деп айыптап, бул реформалардын ишке ашышынан күмөн санап жатышат. (EBM)