Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Өмүрбек Текебаев: Президент бийликти менчиктештирүүдө


Президенттин жаңы реформасы Кыргызстанга эмне алып келет деген маселенин айланасында “Ата мекен” партиясынын лидери, оппозициячыл белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: - Президент өзүнө бир топ кызматтарды алып койду, өкмөттүн курамынан аларды чыгарып кетти. Бул эмне максатта жасалып жатат деген ойдосуз?

Ө.Текебаев: - Кыргыздардын өзүнүн түшүнүгү бар, бийлик деген бул түздөн-түз жумшоо. Сен дайындасаң, жумшап турсаң - ушуну бийлик дейт. Ал эми мамлекттик бийлик - бул мыйзамдын чегинде тартиптерди жаратып, шарт түзүп, бүгүнкү күндө бул бийлөөнүн накта формасы болушу керек. Мына ушундан улам биздин президенттер өздөрүнө жеке бийликти жыйнаганга аракет кылышат.

1998-жылы президент Акаев жеке бийлик системасын түзгөн. Президенттин администрациясы аң уулоого лицензиясын да бере баштаган. Президенттин алдында дин комиссиясы, статкомитет, монополияга каршы комитет болгон. Президент өзү фонд түзүп, тигил же бул мамлекеттик иш-чараларды өзү каржылай алган. Сотторду, акимдерди жеке өзү коюп, ушуга окшогон аткаруу бийлигинин функцияларын өзүнө алган.

Бул система кулады. 2005-жылы мына ушунун негизинде, авторитардык үй-бүлөлүк системага эл каршы чыгып, көтөрүлгөн. Мына ошол шар менен Бакиев жана анын командасы элге убадаларды берген. Тилекке каршы, төрт жыл өттү, Бакиевдин саясаты тескеринче болуп атат.

2005 -2006-жылдары оппозиция күчтүү болгон, айласыздан кызматтан кетип калбайын деп Конституция кабыл алган да, бир аздан кийин эле реванш алып, референдум өткөрүп, эски системаны кайтарганга аракет кылды. Президенттик шайлоодон кийин биротоло ордумда бекем отурдум деди окшойт, төрт жылда Конституцяга төртүнчү жолу өзгөртүү киргизип, эски бийликти кайтарып келди.

“Азаттык”:
- Сөзүңүзгө аралжы, Конституция кандай жол менен кабыл алынышы керек, референдумбу же парламент аркылуубу?

Ө.Текебаев: - Биринчи, экинчи, үчүнчү жана акыркы бөлүмдөр референдум жолу менен гана өзгөртүлөт. Ал эми бийликке тиешелүү калган бөлүмдөр Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөртүлсө болот деген норма бар. Ошондуктан “Ак жол” үстөмдүк кылган парламент өздөру каалаган өзгөртүүнү киргизе алышат.

“Азаттык”: - Президент реформаны жасоодо Конституцияны бузганы айтылууда. Буга сиздин пикириңиз кандай? Конституцияга алгач өзгөртүү киргизип, анан ушул реформаларды жасаса болот беле?
Бүгүн президент калыс болбостон, негизги оюнчу болуп отурат. Укуктары эбегейсиз көп.


Ө.Текебаев: - Мыйзамдар шайлоо убагында одоно бузулган, бирок эми шайлоо өттү, акыркысы болсун, мындан кийин жаңыча жашап, жаңыча курс жүргүзөлү деп президент чын ниетинен иш алып барса түшүнсөк болот эле. Бирок чү дегенде эле Конституцияны бузуудан баштады. 20-октябрда Ак үйдө “Ак жол” партиясынын саясий бюросун өткөрдү, ал эми Конституция боюнча президент партияга мүчө да боло албайт жана анын иш-аракеттерине катыша да албайт. Мына ошону билип туруп, ачыктан ачык эл алдында ошону өткөрдү. Бул - Конституцияны көзгө илбегендик дегенди билдирет.

Конституцияда өкмөттүн курамы министрликтерден жана комитеттерден турат деп жазылып турганына карабастан ага каршы келген өкмөттүн структурасын бекемдеди. Мына ушундай мыйзам бузуулар менен бул “реформа” жүрүп жатат.

“Азаттык”: -
Кыргызстандын туңгуч президенти Акаев менен учурдагы мамлекет башчысы Бакиевдин реформачыл саясатынын айырмачылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

Ө.Текебаев: - Айырмачылыгы - бүгүнкү бийликтин криминалдык табиятында жана мүнөзүндө. Саясий, экономикалык негизде адамдарды куугунтуктоо болуп көрбөгөндөй максатка жетти. Эгерде президент Коопсуздук кызматын өзүнө алса түшүнсө болот эле, Финполицияны да өзүнө алып жатат. Бул экономикалык оппоненттерди куугунтуктоону жана бизнести бөлүштүрүүнүн абдан ыңгайлуу куралы болуп эсептелинет.

Эгер Акаевдин убагында майда социалдык, экономикалык объектилер менчиктештирилген болсо, азыр эң ири табигый байлык, жер-кен байлыктары, энергетика объектилери приватташтырылганы турат. Ошондой эле Бакиев бийликти да менчиктештирүү планын койгон. Мамлекеттин кээ бир функцияларын биз жеке адамдарга беришибиз керек деп айтууда.

Өкмөттүн негизги функцияларынын бири – мамлекеттик мүлктү башкаруу. "Бакиевчилер" мамлекет өз мүлкүн башкара албайт экен деп, чет элден келген азаматтарга башкарууну берип жатат. Бирок ошол эле кезде мамлекеттик мүлк агентчилигин министрлик кылып, статусун жогорулатты. Ушуга окшогон түшүнүксүз, бири-бирине каршы келген кадамдарды жасап жатат. Максаты бир - Кыргызстандын экономикасын, каржы секторун көзөмөлдөөнү жеке адамдарга берүү.

Борис Березовский
Мисалы, 16 млрд. сом бюджети бар Пенсиялык фонд мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы жоюлду, Салык кызматы социалдык фонддун жыйымдарын жыйнап берет. Жыйналган акча жеке компанияга түшөт. Жеке компания ал акчаны сактап, көбөйтүп, каалаган экономикалык долбоорлорго салып аны сактап турат деген ниет менен берип жатат. Медициналык камсыздандыруу фондунун да ушундай тагдыр күтүп турат болушу керек. Мына ошентип чет элдик жарандар, жаш балдардын тобу биздин финансы системасын толугу менен көзөмөлгө алып калышты. Бул - Березовскийдин схемасы.

“Азаттык”: - Башкача айтканда, ушул реформалар өлкөнү кандай жолго салып жатат, дегеле мындан кандай майнап чыгат?

Ө.Текебаев: - Компрадордук буржуазия деген түшүнүк бар. Бул өз эли менен чет элдиктердин ортосунда ортомчу болуп, коррупцияланган чиновниктердин катмарын айтат. Алар өз дыйкандарынын, өндүрүшчүлөрүнүн кызыкчылыгын ойлобойт. Чет элдиктердин кызматын кылып, үлүшүн алып, ошо менен байып жашаган бизнес элита. Бүгүн бизде компрадордук буржуазия түзүлдү. Бакиевдин саясаты ушул компрадордук саясатты ачыктан ачык, жашырбастан жүргүзгөндүгү менен Акаевден айырмаланат.
“Азаттык”: - Өнүктүрүү фонду деген түзүлүп, иштеп жатат. Ага Орусиянын, дегеле чет мамлекеттен акчалар түшөт экен. Фондду түзүүнүн чыныгы, түпкү максатын эмнеден көрөсүз?
Чет элдик жарандар, жаш балдардын тобу биздин финансы системасын толугу менен көзөмөлгө алып калышты. Бул - Березовскийдин схемасы.


Ө.Текебаев: - Бул фонд - Кыргызстандын кызарган байлыгынын барын жыйнай турган казына. Ал казына сырттан келген карыздар, баалуу ресурстар, Жер үй, мындан кийин “Кумтөр” да фондко берилет болушу керек деп ойлойм. Фонддун башкармачылыгын президент өзү дайындайт. Фонд өкмөткө баш ийбестен эле кыргыздар үчүн кайсы маанилүү улуттук долбоорду өзү аныктайт. Кайсы долбоорго кача пайыздык үстөк менен канча убактыка беришти өзү аныктайт. Демек эл эмес, ошол фонд башкарып калат.

“Май кармаган бармагын жалайт” деген түшүнүк бар. Березовский аны мындай деп айткан: менчиктештирип сатып алам деп убара болуштун кереги жок. Жетекчи болуп ошол ишкананы бакшарсаң, финансы агымдарына көзөмөл жүргүзсөң, ошондо өзүнөн түшкөн пайдага сатып алсаң болот деген.

“Азаттык”: - Өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык президент өлкөнү эки мөөнөт гана башкаралат. Экинчи мөөнөт аяктагандан кийин кайрадан шайлоого барбастыгын президент Бакиевдин айтканы да бар. Айрым талдоочулар өлкө башчысы соңку реформалык жүрүштөрү менен өзүнө мураскер даярдап жатат деген пикирлерин билдиришүүдө. Сиздин буга көз карашыңыз?

Ө.Текебаев:
- Парламентте “Ак жол” үстөмдүк кылат. Президент ошол “Ак жолго” ишенбей, байлыктарды өзүнүн алдындагы Өнүгүү фондусуна топтоду. Жакынкы күндөрү, президенттин мөөнөтү аяктаганга чейин парламент алмашып, жаңы парламент келиши мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Ошону үчүн көп структураларды, байлыктарды өкмөттүн, демек кийинки парламенттин көзөмөлүнөн чыгарып, өзүнүн алдына жыйноо амалы.

Өзү болобу, кийинки мураскери болобу парламенттен көз каранды болбой, демек элден көз каранды болбой, өз алдынча бийликти андан ары уланта берүүгө бул шарт түзүп берүүдө. Эми президенттин өзүнө мураскер даярдоо ниети канчалык - аны айтуу кыйын.
Бакиевдин саясаты ушул компрадордук саясатты ачыктан ачык, жашырбастан жүргүзгөндүгү менен Акаевден айырмаланат.


“Азаттык”: - Премьер-министрдин бекитилишин алып карасак. 21-октябрда Д.Үсөновдун талапкерлиги “Ак жол” фракциясында гана талкууланып, президентке сунушталды. Баш мыйзамда башка фракциялардын талкуулоосунун зарылдыгы жок деп белгиленген. Ушул система көп партиялуулукту өнүктүрүү жаатындагы биздин жасап жаткан кадамдарга карама-каршы келбейби?

Ө.Текебаев: - Мындай системада президент калыс болушу керек. Бүгүн президент калыс болбостон, негизги оюнчу болуп отурат. Укуктары эбегейсиз көп. Бул жерде жеке “Ак жолдун” гана эмес, президенттин да диктаты болуп жатат.

“Азаттык”: - Рахмат.

Тасмада: Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?

Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

XS
SM
MD
LG