Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Параллель өкмөт, параллель бюджет


Бүгүн бир катар мамлекеттик структуралардын жетекчилери алмашып, айрым жетекчи кызматкерлер кайра эле мурдагы кызматына дайындалышты.

Мамлекет башчынын 26-октябрдагы жардыгы менен Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу башка ишке өткөнү үчүн кызматынан алынды. Ага удаа эле Коопсуздук кеңешинин катчысы А. Мадумаров орун басары Амангелди Бакиров менен кошо кызматынан бошотулду. Ошондой эле президенттин буйругу менен Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов бардык орунбасарлары менен кызматынан бошотулуп, анын ордуна чек ара кызматынын жетекчилигине Аскарбек Жапаров мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен дайындалды.

Ошондой эле президенттин жардыгы менен Тышкы иштер министринин, Каржылык чалгындоо кызматынын жетекчисинин бардык орун басарлары кызматтан бошотулду. Мындан тышкары бир катар агенттиктер жана кызматтар реформа боюнча кайра түзүлгөнүнө байланыштуу да жетекчилери алмашты. Булар: Баңзаттарга каршы күрөшүүчү мамлекеттик агенттик, Туризм агенттиги, Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер агенттиги, Маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги, Кыймылсыз мүлктү каттоо агенттиги, Орто жана чакан ГЭСтерди өнүктүрүү долбоорунун дирекциясы, Карыздарды реструктуризациялоо жана банктарды кайра өзгөртүү агенттиги, Коррупциянын алдын алуу агенттиги, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.

Мындан тышкары жаңы реформага ылайык ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссия да жоюлуп, башкы катчысы Жыпар Жекшеев ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле мамлекеттик кызмат боюнча агенттик мамлекеттик кадрлар боюнча агенттик болуп өзгөртүлүп, анын жетекчилигине Манас Акималиев дайындалды. Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттик мамлекеттик кадрлар боюнча агенттиктин карамагына өттү. Ал эми Карыздарды реструктуризациялоо жана банктарды кайра өзгөртүү агенттиги Улуттук банктын карамагына алынды.

26-октябрда президент өзүнүн буйругу менен бир катар дайындоолорду да жүргүздү. Ага ылайык Мамлекеттик тышкы иштер министри болуп мурдагы министр Кадырбек Сарбаев дайындалды. Президенттин алдындагы катчылыктын жетекчилигине Оксана Малеваная, президенттик аппарат башчылыгына Каныбек Жороев бекитилди. Катчылыктын басма сөз кызматынын жетекчилигине Алмаз Турдумаматов, протокол кызматынын башчылыгына Мар Топоев дайындалды.

Бир катар мурдагы жетекчилер кайра эле мурунку кызматтарында калышты. Алар: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Каныбек Осмоналиев, Каржы полициясынын жетекчиси Акимжан Муйбиллаев, Улуттук аттестация комиссиясынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Улан Мелисбек.

Президент К. Бакиевдин реформасы өткөн жумадан бери кызуу талкууга алынууда. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев реформанын максаты өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган, бирок кептин баары анын канчалык ишке ашуусунда жатат, деп эсептейт:

-Реформада айтылган программалар ишке ашса, анда мамлекетебиз үч жылда оңолот. Эгер ашпай калса, анда оппозиция коюп жаткан дооматтар чындык болуп чыгып калышы мүмкүн. Ал эми өкмөттө мурдагы жетекчилер кала берди, эч кандай алмашуу болгон жок деген сөздөр суу кечпейт. Реформанын түпкү максатын президент өзү да ачык айтты, мамлекеттик аткаминерлердин 90% өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлошот деп айтпадыбы.

Сын-пикирлердин арасында президент мамлекеттик башкаруу системасын реформалоодо Башмыйзамды сактаган жок деген ойлор бар. “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариевдин ою боюнча өкмөттүн курамынан маанилүү деп эсептелген министрликтер менен кызматтардын чыгарылып, президенттин карамагына өткөрүлүшү – мамлекет башчынын бийлигин чыңдады:

-Президенттик администрация жоюлду, анын ордуна президенттик аппарат түзүлдү дегени менен чынын айтуу керек. Президенттин ыйгарым укуктары жана анын алдындагы түзүлгөн кызматтар абдан чоң, кеңири укуктарды алды. Эгер муну талдап көрсөк, президент түздөн-түз өз бийлигин күчөттү деп айтууга болот. Биз бир нерсени айырмалай билишибиз керек. Негизги багыттарды иштеп чыгуу бир, ал эми аткаруу бийлигинин кыла турган иши таптакыр башка. Алар парламенттин көзөмөлүндө турууга тийиш. Эгер алар парламенттин көзөмөлүнөн кетип калса, аларды көзөмөлдөй турган бир дагы орган калбай калат. Анткени аткаруу бийлигин текшере турган бирден бир орган –Жогорку Кеңеш. Бирок тилекке каршы Жогорку Кеңеш бүгүн өзүнүн Конституциялык укугун жана талаптарын аткара албай жатат. Бул курамы менен аткара албайт дагы.

Бул реформа менен мамлекет башчы бийликтин дээрлик 90 % өзүнө алды деп белгилеп жаткан БЭКтин лидерлеринин бири Ө. Текебаев 26-октябрда билдирүү таратып, Президенттик Кеңештин түзүлүшүн сынга алды. Билдирүүдө белгиленгендей парламент менен өкмөткө көзөмөлдөнбөгөн параллель бюджет түзүлдү, президенттин бир администрациясынын ордуна бири-бирине көз карандысыз беш структура түзүлүп, параллель өкмөт пайда болуп отурат.

Реформа дегенде эл жаңыланууну күткөн, бирок иш жүзүндө андай болбой калды, дейт Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар биримдигинин президенти Токтайым Үмөталиева. Анын айтуусунда Кыргызстанда күчтүү президент, алсыз премьер түзүлдү:

-Эл күткөн реформа жок. Бюджетте сарамжалдык боло турган, жаңыланып кете турган бир реформа болгон жок. Мунун баары президенттик бийликти чыңдоо аракетин ачыктады. Жаңылыгы ушул -бийлик бекемделип, Конституция бузулуп жатат. Эч кандай талкуу болбой, элге алдын ала тааныштырылбай, парламентке да сунушталбай, Башмыйзам талап кылгандай жалпы Элдик референдумга алып чыгылбай, мындай реформанын жүргүзүлүшү –Конституцияга сыйбаган иш болуп калды.

Мамлекет башчынын 26-октябрдагы жарлыгына ылайык, мындан ары өкмөттүн карамагындагы “Кыргыз туусу”, “Эркин Тоо” жана “Слово Кыргызстана” басылмалары президентке баш ийет.

Президенттин жардыгы боюнча реформаны ишке ашырууга өкмөткө жана тиешелүү мамлекеттик уюмдарга эки айлык мөөнөт берилди. Ал эми ага көзөмөл кылуу премьер-министрге жүктөлдү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG