Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Р.Отунбаева: «Бийликти мыкты иштесин деп атабыз»


Президенттик шайлоого тушташкан оппозиция өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштери өлкөдөгү саясий кырдаалды курчуткандан башкага жарабайт.

Жагдайды мунасага келип чечүүнү азыркы бийлик атаандаштары көптөн бери сунуштап келатышканы менен экинчи тараптан колдоо табыша элек. Анын чоо-жайына парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат Роза Отунбаева токтолот.

- Роза Исаковна, ушу тапта оппозиция мүчөлөрүнө каршы үч жерде сот жүрүп жатат. Аны менен сиздин кабарыңыз бар. Алар тууралуу эмне айтар элеңиз?

Роза Отунбаева: - Шайлоодон кийин чыккан Балыкчыдагы сот убактылуу токтолуп, Караколдо түрмөдө отурган балдардын бешөө катуу ооруп жатышат. 15 сутка кармап, ашып кетсе административдик айып салып чыгарып ие турган балдарды түрмөгө салып эзип атканына кейип жатабыз. Экинчиси – Исмаил Исаковдун соту, министр кезинде саткан имиш, уурдаган имиш. Мен ошол сотто болуп калдым. Конкреттүү, жооптуу адамдар келип таптакыр башка маалыматтарды берип жатышты. Алар болсо жоголсо июнда, августта болду, деп атышат. И.Исаков кызматынан майда эле кеткен экен. Бул азыркы министрдин тушнда болуп жаткан иштер экен. Ошондой эле министр катары сый тамактарды берди, журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады, чай берди деп атышат. Дагы бир сый тамагына президент өзү, А.Мадумаров келгени такталган. Ошол келгендерди сотко чакырып бер десе аскер сот болбой жатат. «Жок биз андайларды чакыра албайбыз», деп жатат. Эмне, Конституция, мыйзамдар алар үчүн жазылган жок бекен? Алар карапайым адамдардай болуп мыйзам алдында жооп бербейт экен да. Тилекке каршы, мен Э.Бөлөкбаевдин сотуна бара албай жатам. Мына биз үч соттун ортосунда чуркап жүрөбүз. Бул соттор саясий буйрук десек эч качан жаңылбайбыз. И.Исаковдун соту бул таптаза саясий буйрук. Мына бийликте иштесең сенден мыкты министр жок экен. А чындан эле И.Исаков министр болуп иштеп үч жылдын ичинде эл көзүнө көрүнө турган чоң иштерди жасады эле. Анан «мен ушул бийликке иштегенден уялам» деп кетип калгандан бери азаптарды тартып жатат. Балыкчыда адилетсиздиктен балдар отурушат. Алардын бала-чакасы, туугандары, Ысык-Көл эли бар. Биз ушундай адилетсиздиктерди көрүп бая күнтөн бери президент менен сүйлөшөлү деп атканбыз.

- Мен да сизден ушуну сурайын дедим эле. Балыкчыдагы сот боюнча сиздер менен президенттин сүйлөшүүсү болот экен, деген сөз таралды эле. Анын сааты эмнеликтен чыкпай атканына токтоло кетсеңиз.

Роза Отунбаева: - Эми азыр президент мынабу реформага баш-оту менен кирип кетти го. Мурун болсо президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү менен сүйлөшүп, фракциянын атынан мени жиберип жатышты эле. Президент өзү макулдугун берди эле. Мен барып сүйлөшүшүм керек эле. Анан кийин эми минтип сөзүн кармабай жолукпай жатат. Мен таң калып атам. Мына Орусияны деле көрүп атабыз. Биз анын жолуна таптакыр түштүк. Парламентте аларда «Бирдиктүү Орусия» болсо бизде болсо «Акжол». Экөө тең көпчүлүктү түзөт. Эч кимди кенебейбиз, деген саясат бизде деле болуп жатат. Фракцияда дин боюнча өлкөдөгү абалды талкууладык. Биз азыркы бийликке оппозициябыз. Президент менен ортобузда же бир көпүрө жок, же сөзүбүз же сүйлөшө турган аянтчабыз жок отурабыз. Анан диний уюмдар менен бийликтин ортосунда сөз болбой жатат. Ошол сөз болушу керек. Биз бийликти мыкты иштесин деп атабыз. Эгер жакшы иштебесе эртеңки күнү диний бийлик келерин айтып отуруп тилибиз тешилди. Бийлик бизди түшүнбөй четке түртүп атат, жек көрүп атат. Анда дин сөзсүз күчүнө келет.

- Жанагы Балыкчы боюнча сөзгө келсек. Эгерде сизди президент кабыл алып калса, жолугушуп калсаңыз эмнелерди айтат элеңиз? Анан ушуга улай дагы бир суроо. Кесиптештериңиз Бакыт Бешимов менен Кубанычбек Кадыровдун тагдыры кандай болуп атат, ушуга да токтоло кетсеңиз.

Роза Отунбаева: - Бакыт Бешимов азыр Америкада болуп жатат. Жайында эле шайлоо бүткөндөн кийин ошол жакка кетти эле. Анын эки баласы ошол жакта окуп, иштеп жатканы элге маалым. Бакыттын келем деген эле ою бар болчу. Мен азыртан эле айтып коюшум керек, анын өмүрүнө коркунуч бар, деп бизге дайым айтып атышчу эле. Ошол шайлоо убакта деле анын жанында жак-жөкөрлөрү жүрчү. Бакыт келем деп эле жаткан. Бирок моминтип балдар жок жерден эле соттолуп, камалып атканын көрүп Бакыт да ойлонду окшойт. Бийлик ага да жетиши мүмкүн экенин билди окшойт. Кубанычбек Кадыров болсо сотко, суракка келбей ушинтип ал да качып жүрөт. Биз фракцияда анын каякта экенин билбейбиз. Балыкчыдагы иш ушу Кубанычбек Кадыровго келип эле такалып калды. Берки балдарда айып жок. Күбөлөрдүн баары эле балдарда айып жок, деп айтып чыгышты. Балыкчы шаарынын милиция бөлүмүнүн башчысы, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору, участкалык комиссиянын башчысы – баары эле бул балдарга эч кандай кусаматчылыгы жок экенин айтып жатышат. К.Кадыровду эми күч органдары табыш керек.

Президент менен сүйлөшкөндө эмне дейт элем? Президенттен ырайымдыкты сурайт элем. Балдардын дымагы дагыле күчтүү. Мен айтып коеюн, алар өздөрүн эч күнөөлүү деп эсептебейт. Ошол жерде шайлоо адилетсиз болду, деп чыккан балдар. Ал балдар мени барат деп да ойлоп аткан жери жок. Ошентсе да бул бийликтен эне катары, аял катары ырайымдыкты суранат элем.

- Татаалдашып кеткен бийлик менен оппозициянын тирешин мунаса менен чечүүнүн амал-айласы, аргасы барбы?

Роза Отунбаева: - Мен жана айтып бербедимби, бар!

- Ишиңизди ийгилик жылоолой жүрсүн, ырахмат!

XS
SM
MD
LG