Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Чочко тумоосу мектеп окуучуларын каникулга айдады


Украина. премьер-министр Юлия Тимошенко Ивано-Франкоскидеги облустук ооруканада. 3-ноябрь 2009
Украина. премьер-министр Юлия Тимошенко Ивано-Франкоскидеги облустук ооруканада. 3-ноябрь 2009

Чочко тумоосу каптап келатат деген коркунуч Евразия өлкөлөрүн катуу дүрбөлөңгө түшүрүүдө.


Мындай коркунучка сасык тумоодон адамдардын өлгөнү себепчи болууда. Бирок алардын канчасы сасык тумоодон, а канчасы чочко тумоосунан өлгөнү жана чындап эле илдет чоң пандемияга айланып кеттиби, азырынча белгисиз. Анткен менен, бир катар өлкөлөр жугуштуу ооруга каршы чечкиндүү чара көрүштү. Кыргызстанда бул ылаңга кабылган жети жаран катталды.

Чочко тумоосу А/H1N1 украиндерди даки беткап кийдирди. Киев. 3-ноябрь 2009
Украинада тумоодон 4-ноябрга карай 70 киши көз жумганы кабарланды. Жугуштуу илдеттен өлгөндөрдүн көбү өлкө батышындагы Львов дубанынан. Бийликтер 255 миңден ашуун адамга тумоо жукканын дүйшөмбү күнү билдирди. Алардын 83 миңи жаш балдар. Буга байланыштуу Украинада 2-ноябрдан тарта үч жумага мектептер жабылып, жыйналыштарга тыйуу салынды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Украинада чочко тумоосунун коркунучу жок дегенине карабай, улуттук өкмөт эл аралык уюмдан адистерин жардамга жөнөтүүнү сурды.

“Азаттыктын” кабарчысы Ирена Халупанын Киевден билдиришинче, чукул чара Украинада чочко тумоосун аныктоочу жабдуулардын жоктугунан улам киргизилген:

- Украинада чочко тумоосу жуккан адамды аныктоочу жабдуулары жок болгондуктан, тумоонун үлгүсү аныктоо үчүн Лондонго - Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жөнөтүлөт. Өткөн аптада чочко тумоосунан украиналык бир кесел өлгөнү тастыкталды. Азыр бул ылаңдан 11 адам өлгөнү жөнүндө кеп жүрүүдө.

Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Хабаровск аймагында сасык тумоону жайылтпоо максатында жарандар кино театрларга жана
Россиялык бала чочко тумоосунан сактануу үчүн даки беткап кийди. Чита шаары. 29-октябрь 2009
театрларга даке беткап менен барсын деген токтом чыкты. Коомдук унаанын айдоочулары менен дүкөндөрдүн кассирлери да даке кап кийүүгө тийиш. Байкал аймагында беткапсыз жүргөн адамдар 500 рубль же 17 доллар айып төлөйт.

Чочко тумоосу Балкан өлкөлөрүнө да жетти. Сербияда бул илдет менен ооруган 169 киши, анын ичинде 35 мектеп окуучусу катталды. Эки кесел каза тапты. Абалды контролдоо үчүн 3-ноябрдан баштап бир
Сербия. Адамдар чочко тумоосунан (H1N1) коркуп, даки беткап кийип жүрүшөт. Крагуйевач шаары. 3-ноябрь 2009
жумага мектептер каникулга чыкканын Сербиянын билим берүү министри Зарко Обрадович билдирди:

-Эпидемиологдор жана Саламаттыкты сактоо министри менен кеңешип, мектептердеги күзгү каникулду узарттык. Балдар келерки шаршембиге чейин эс алышат. Анткени, илдет жукса, анын биринчи белгилери беш-жети күндөн кийин пайда болот.

Сербияда чочко тумоосунун коркунучунан улам даки беткапка болгон талап өстү. Күнүнө 60 миң даана даки беткап чыгарган Горнжи Милановачтагы фабрика жыл аягына чейинки заказды аткаруу үчүн 24 сааттык иш режимине өттү.

Коңшулаш Боснияда чочко тумоосу менен үч киши ооруганы кабарланды.

Иран бийликтери да элди чочко тумоосунан сактанууга чакырды. 3 миң ирандыкка H1N1 тумоосу жугуп, 28 оорукчан каза тапканын Ирандын Мехр агенттиги билдирди. Тегерандын өзүндө эле 70тей мектеп этияттык үчүн убактылуу жабылды.

Түркмөн өкмөтү чочко тумоосу өлкөдө катталбаганын айтууда. Бирок ашхабаттык жана аймактардагы дарыгерлер кадимки тумоодон жана чочко тумоосунан өлгөн адамдар бар дешет.
Ооганстан. Кабылда даки беткап кийген кадыресе көрүнүшкө айланып калды. 2-ноябрь 2009


Ооганстанда болсо чукул кырдаал абалы жарыяланып, окуу жайлар үч жумага жабылды. Ырасмий бийликтер чочко тумоосу 700 адамга жукканын, алардын 273 чет элдик жоокерлер экенин, сегиз ооган илдеттен өлгөнүн тастыктады.
Ооганстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Саид Мухаммад Фатаминин билдиришинче, Кабылда H1N1 инфекциясын аныктоочу жабдуу бар:

- Бизде H1N1 инфекциясын аныктоочу алдыңкы технология жана лабораториялык жабдуулар бар. Байтак шаарга мындай жабдууну бергени үчүн АКШ өкмөтүнө ыраазыбыз.

Ооганстанда чочко тумоосуна каршы үгүт-насаат иштери июль айында илдет адеп катталгандан бери тынбай жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG