Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Өлүм жазасынан баш тартуу менен БУУдан жардам алууга шарт түзүлөт


Бул туурасында премьер-министрдин өкүлү Нурканбек Момуналиев билдирди. Ал өлүм жазасынан баш тартуу боюнча эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулуу менен Кыргызстан гумандаштырууга умтулганын дагы бир жолу тастыктай турганын билдирди. “Эгер протоколго кошулсак, БУУ тарабынан берилчү жардамдарды алганга шарт түзүлмөк. Протоколго кошулабызбы, кошулбайбызбы баары бир баш мыйзамда бизде өлүм жазасы жок. Бул биздин абройубуз болуп жатат ”,-деди Нурканбек Момуналиев. Талкуунун жыйынтыгында “Ак жол” фракциясы бул мыйзам долбоорун колдогон жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG