Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

“Ата Мекен” президентти сотко берет


"Ата Мекендин" төрагасы президент элдин пикири менен эсептешпей турганын ачыкка чыгарды деп эсептейт.
"Ата Мекендин" төрагасы президент элдин пикири менен эсептешпей турганын ачыкка чыгарды деп эсептейт.

“Ата Мекен” партиясы президент Курманбек Бакиевди ыйгарым укуктарынан аша чапты, Конституцияны жана мыйзамдарды орой бузду деген негизде Конституциялык Сотко кайрылганы жатат.

Партия тараткан билдирүүдө айтылгандай, президент Курманбек Бакиев мамлекеттик башкаруу системасындагы акыркы реформасы менен өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап түшүп, Башмыйзамды өтө одоно түрдө бузду.

Партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, эң негизгиси - президент элдин пикири менен эсептешпей турганын ачыкка чыгарды:

- Биринчиден, Баш мыйзамда президенттин иш-аракетин президенттин администрациясы ишке ашырат деп жазылып турса да, аны өзүм билемдик менен жокко чыгарып, анын ордуна бири-бирине баш ийбеген беш институт түздү. Экинчиден, Мамлекеттик катчы жана Коопсуздук кеңешин өзүм билемдик менен бузуп отурат.

Президент тарабынан жүргүзүлгөн мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоого ылайык өкмөт курамындагы бир катар министрликтер, агенттиктер, кызматтар жана комиссиялар президенттин карамагына өткөрүлгөн.

Максим Бакиев
Максим Бакиев бир эле убакытта Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул фондго Кыргызстандын табигый жана каржы ресурстары толугу менен берилет. Ал өкмөткө жана парламентке, элге баш ийбейт.
Өмүрбек Текебаевдин белгилешинче, бул жерде Баш мыйзамдагы “Өкмөт жөнүндөгү” мыйзам бузулуп отурат. Президентти Конституциялык Сотко берүүнүн дагы бир себеби Курманбек Бакиевдин өткөн жумада өлкөдөгү бирден-бир жогорку кызматтардын бири болуп эсептелген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчилигине уулу Максим Бакиевди дайындаганы. Бул болсо эң чоң мыйзам бузууга жатат:

- Максим Бакиев бир эле убакытта Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул фондго Кыргызстандын табигый жана каржы ресурстары толугу менен берилет. Мына ушинтип иш жүзүндө өкмөткө параллель бюджет түзүлүп калды. Ал өкмөткө жана парламентке, элге баш ийбейт. Максим Бакиевдин кызматы кагаз жүзүндө президенттик администрациянын бир бөлүм башчысы. Бирок анын иш-аракетин, каш серпкенинен өйдө, отурган-турганын баарын президенттикинен ашыкча шаан-шөкөт менен мамлекеттик жана башка маалымат каражаттары күнүгө берип атышат. Ал болсо өкмөттөн, парламенттен, президенттен да ашып, кайсы бийлигине таянганы белгисиз, убадаларды берип жатат.

Президент Курманбек Бакиев тарабынан мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо башталган тушта эле оппозициялык бириккен кыймыл, айрым саясатчылар бул реформа президенттин бийликти колуна топтоо, менчиктөө аракети болуп жатат, Баш мыйзам бузулду деп билдирип чыгышкан.

Бирок ошол эле учурда жаңы эле башталган ишти ур-токмокко ала бербей, тыянагын күтүүгө чакырган пикирлер да болбой койгон эмес. Өлкөдөгү башкаруучу “Ак жол” партиясынын парламенттеги фракция башчысы Улукбек Ормонов “Ата Мекен” партиясынын кадамын президент жүргүзүп жаткан реформага бут тосуу аракети деп баалады:

- Реформага барган убакта каршылаштар ар кандай ойду айтып чыгышат. Президенттин иш-аракетине азыр оппозиция гана эмес, айрым аткаминерлер да каршы болуп атышат. Анткени бири-бирин кайталаган бүт бардык кызматтар жоюлуп атпайбы. Ошондуктан, таарынычтар, каршылыктар көп, боло берет. Мен айтар элем, бул сөздөрдүн баары – суу кечпеген сөздөр.

Улукбек Ормонов президенттин өзүнө да, жогорку кызматка дайындалган уулуна да максаттарын ишке ашырууга убакыт берүү керек деп эсептейт.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстан эли мурдагы бийликтин үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы көтөрүлүп, жеңишке жетишкени айтылып келет. Саясат талдоочу Бегиш Ааматов оппозиция ошол март окуясынын тушунда эле азыркы үй-бүлөлүк башкаруу системасын орнотууга Курманбек Бакиевге толук мүмкүнчүлүк берип койгон, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Бардыгы келип 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын калыбына келтирилбей жатканына такалат. Текебаевдин азыр сотко бергени менен иш чечилбейт. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандагы алгачкы паспорту болгон Баш мыйзамды -1993-жылы кабыл алынган Конституцияны кайра алып келүү керек. 2005-жылы мартта дагы революционерлер революция кылбай эле Аскар Акаевдин бузулуп-оңдолгон Конституциясын Бакиевге карматып коюшкан “мына, ишин уланта бериңиз” деп.

Азыркы Баш мыйзамда мурдагы жобо “Мамлекеттик бийликти басып алуу, узурпациялоо - өтө оор кылмыш” деген берене жок. Ал 2007-жылы болгон rонстиуциялык реформанын негизинде алынып салынган. Ушундан улам президент Курманбек Бакиевдин аракети Кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси боюнча – кызматтык укугунан аша чапканы катары каралышы ыктымал.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо “Мамлекеттик бийликти басып алуу, узурпациялоо - өтө оор кылмыш” деген жобо Баш мыйзамдан атайын алынып салынган деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG