Саламаттыкты сактоо тармагындагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, алардын 500 жаш балдар. Мындай маалыматты АКШнын орууну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору билдирди жана бул чочконун сасык тумоосунан 672 адам каза тапты деген соңку эсептен кыйла көптүк кылат.
Чочконун сасык тумоосунун H1N1 вирусу быйыл апрелде оболу Мексикадан, андан соң АКШда табылгандан бери дүйнө боюнча 6 миңдей кишини мерт кылды жана бери дегенде 199 өлкөгө жайылды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму учурда вируска каршы дары чочконун сасык тумоосунун симптомдору байкалган жаш балдарга, боюнда бар аялдарга жана тобокелчилик жогору башка бейтаптарга дароо берилишин сунуш кылууда. Буга чейин Саламаттыкты сактоо уюму андай дарыны илдет лабороториялык анализ аркылуу аныкталгандан кийин гана берүү зарылдыгын айтып келген.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму вируска каршы дарыларды май айында 72 өлкөгө жөнөткөн, Жакында Ооганстан, Монголия, Беларус: Украинага жөнөттү. Ошондой эле жакынкы күндөрү Кыргызстан менен Азербайжанга да жиберилерин билдирүүдө.