Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Кыргызстан-Кытай соода жүгүртүүсү 9 млрд. 300 млн


Бул Кытай бийлиги тарабынан өткөн жыл үчүн берилген маалымат. Ал эми КР 1-вице-премьер-министри Акылбек Жапаров 2008-жылы эки өлкө ортосунда 6 млрд. 30 млн. долларлык соода алмашуу болгон деп билдирди бүгүн болуп өткөн “Кыргызстан-Кытай” соода-экономикалык форумунда.

Форумда айтылгандай акыркы 14 жыл ичинде Кытайдан 163.5 млн. доллар инвестиция келген. 1-вице-премьер-министрдин “Азатттыкка” билдиргени боюнча бул – өтө эле аз. А. Жапаров белгилегендей учурда Кыргызстан тарабынан жалпы 1 млрд. долларлык 150 бизнес-долбоор кытайлык ишкерлерге сунушталууда, булар баары экономикалык тармакты өнүктүрүүгө багытталган. Анын ичинде жол, энергетика, байланыш жана жаратылыш ресурстарын иштетүүгө арналган ири долбоорлор бар.

“Кыргызстан-Кытай” соода-экономикалык форумуна Кытайдан 100дөн ашуун ишкананын өкүлдөрү катышканы айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG