Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Президент Карзай жемсөөлүккө согуш жарыялай алабы?


Президент Карзайдын беш жылда жемсөөлүктү кыскартканга эрки жетеби?
Президент Карзайдын беш жылда жемсөөлүктү кыскартканга эрки жетеби?

19-ноябрда Кабылда Хамид Карзайдын экинчи мөөнөткө Ооганстандын президенти болуп шайланганына арналган чоң салтанат болот.

Президент Карзай кайталангыс тарыхый учурдан пайдаланып, өз букаралары менен эл аралык коомчулуктун коопсуздукту, башкарууну жакшыртуу, жемсөөлүккө каршы күрөшүү жөнүндөгү чакырыктарына жообун береби?

Карзай өз саналаштарына Дубайда сарайларды куруп, эларалык банктарда эсеп ачканын айтып, эми мунуңарды токтоткула деши абзел.
К. Ранжабар



Ооган шайлоочулары президент Карзай өкмөттүк чиновниктердин катарындагы жемсөөлүүккө каршы чечкиндүү аракеттенет деген үмүттө.
Бейшемби күнгө белгиленген каадалуу окуяга чет элдик мартабалуу коноктор, анын ичинде Пакистан менен Индиянын лидерлери, АКШ, Британия жана Италиянын тышкы иштер министрлери катышат.

Миллиондогон ооган жарандары сыяктуу эле кабылдык студент Ижарул Хак президент Карзай ант берүү аземинде мурдакы убадасын аткаруу үчүн тынчтыкты орнотуу планын ачык айтышын каалайт:

-Биз президент Карзай убадасынын өтөсүнө чыгып, Ооганстанда тынчтыкты орнотушун талап кылабыз. Биз Ооганстандын түндүгүндө, түштүгүндө, чыгышы менен батышында коопсуздук жана тынчтык орнотулушун талап кылабыз. Карзайдын экинчи мөөнөтү алдындагы ага койгон негизги талабыбыз ушул.

Ижарул Хак өлкө түндүгүндөгү Жаузжан дубанында чоңойгон.

Атын атабоону сураган ырасмий булактын “Азаттыкка” айтышынча, Карзайдын салтанатта сүйлөчү сөзүнүн каймагы жемсөөлүккө
Өткөн сегиз жылда жемсөөлүккө алы жетпеген Карзай алдыдагы беш жылда ага каршы Батыш каалгандай тартынбай күрөшкөнгө жарайбы?
каршы көрүлчү чаралар болот.

Карзайдын батыштык колдоочулары, ошондой эле шайлоочулар андан бюрократия менен саясатчылар арасындагы жемсөөлүккө каршы чечкиндүү аракеттенүүнү талап кылышууда. АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон жекшемби күнү Ооганстандын жаңы өкмөтү бийлик чөйрөсүндөгү коррупциянын тамырын кыркпаса, Вашингтон өлкөгө экономикалык жактан жардамдашууну токтотот деп эскертти.
АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон да Ооганстандын жаңы өкмөтү жогорку бийликтеги жемсөөлүк тыйылбаса, Вашингтон экономикалык жардамын токтотот деп эскертти.
Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт да ушундай эскертүү жасады.

Ооган парламентинин мүчөсү Кабыр Ранжабардын айтымында, Хамид Карзай шайлоо алдында аймактардагы таасирлүү адамдар жана лашкер башчыларга убаданы көп бергендиктен, көпчүлүк күткөн реформаны жадынан чыгарып жиберди. Ошондуктан, эларалык коомчулуктун кысымына таянып, өз тарапкерлерине кырдаалды туура түшүндүрүшү зарыл, дейт Ранжабар:

– Карзай колдогон адамдарына кырдаалды ачык түшүндүрүп, өткөн жети-сегиз жылда аларды жетээрлик колдогонун айтышы керек. Карзай алардын Дубайда сарайларды куруп, эл аралык банктарда эсеп ачкандарын айтып, эми мунуңарды токтоткула деши абзел. Карзай аларга улут кызыкчылыгына берилген технократтык өкмөттү түзүп, ага өлкөнү кайра курууга мүмкүндүк бергиле деп айтчу мезгил келди.


Талдоочулардын баамдашынча, Карзай 19-ноябрдагы инагурациялык сөзүндө куру убада менен тыш өлкөлөрдү соорото албайт.
Бул бели ката элек бала үй-бүлөсүнө чоң киши аткарчу иштерди жасап жардамдашат. Ооганстан,16-ноябрь 2009
Андыктан, жаңы өкмөттү кандай негизде курарын, саясый чечимдер ачык-айкын шартта кабыл алынарын эл алдында түз айтыш керек.

Кабылдык серепчи Асадулла Валвалжи аймактардагы Карзайды жактаган лөктөр да жаңы өкмөткө батыштык донорлор каалагандай таза адамдар киришин колдойт, деп боолгойт. Анткени, эч ким мурдакыдай кылмышкерликти жана жемсөөлүктү каалабайт.

-Бир канча убактан бери Карзайга жакын адамдар Батыштын талабына ылайыктуу жана өлкө үчүн иштечү талапкерлерди издеп жатышат,- деди “Азаттыкка” Асадулла Валвалджи.- Мындай адамдар табылабы, билбейм. Непада мындай адамдар табылса, алар үчүн да, баарыбыз үчүн да пайдалуу болмок.

Президент Карзай жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн ант бергенден эки аптадан кийин жарыялоого тийиш. Бирок шейшемби күнү Ооган өкмөтү даражалуу ырасмий адамдар арасындагы жемсөөлүктү иликтөө үчүн атайын башкармалык түзүлгөнүн жарыялады. “Президент Карзай эмки беш жылдык бийлигин жемсөөлүккө каршы күрөшкө арнайт”, деп билдирди 16-ноябрда Ооганстандын ички иштер министри Ханиф Атмар.

XS
SM
MD
LG