Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Билим көйгөйү: Мыкты адистер кайда?


Кыргызстанда замандын талабына жооп берген адистер жетишсиз. Ошондуктан чет өлкөдөн келген адистер жакшы маяна алып, Кыргызстанда эмгектенишүүдө. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир жолу - дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында жаштарды окутуу зарыл.

Бишкек шаарында орун алган GPS.COM ишканасы заманбап технология багытында иш жүргүзүп келет. Бул компаниянын учурда бир көйгөйү бар. Бул – тажрыйбалуу, иш билги кадрлардын жетишсиздиги.

Ишкананын маалымат технологиялар бөлүмүнүн башчысы Владимир Долгий “бизде жакшы адистер жок болгондуктан аларды чет өлкөдөн чакырып жатабыз” дейт.

- Бизге ишке орношуу үчүн 100гө жакын талапкерлер келген. Бирок алардын эч кимиси биздин талаптарга жооп бербегендиктен ишке алган жокбуз. Мындан биздин билимдүү жаштарыбыз өлкөдөгү башка ири мекемелерге ишке орношуп, же чет өлкөлөрдө эмгектенишүүдө деген жыйынтыкка келсек болот. Учурда Кыргызстанда Эл аралык деңгээлге жооп берген адистер окутулбай жатат. Ошондуктан биздин ишканадагы кызматкерлердин 30 пайызын чет өлкөдөн келген адистер түзөт. Биз жергиликтүү компания катары өз атуулдарыбызды ишке алсак деген ойдобуз. Бирок алардын билими жетишээрлик деңгээлде болбой жатат.

“Word of Education” компаниясынын билим берүү программалары боюнча менеджери Болушбек Абдыжапаров, чет өлкөдөн билим алып, Кыргызстандан жакшы иш табууга мүмкүн деп эсептейт.

- Кыргызстандагы университеттерди аяктаган жаштар көп учурда маянасы төмөн болгон ишке орношушат. Себеби алардын билим деңгээли ошол маянага жооп берет. Ал эми чет жакта окуп жакшы билим алган адистердин айлык акысы кайсы өлкөдө кандай ишканада иштебесин ар дайым жогору болот.

Учурда кыргыз студенттери капчыгына жараша дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн билим алышат. Азыркы маалда Кытайда жана Германияда окуган жаштардын саны аз эмес. Ошондой эле Америка, Англия, Малазия, Франция жана Орусияда билимди жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Эгер аталган өлкөлөрдө окуу акысын төлөөгө дараметиңиз жетсе жана жетишерлик деңгээлди тил билсеңиз, анда бул багытта иш жүргүзгөн компанияларга кайрылуу зарыл.
Кыргызстанда жакшы адистик боюнча билим алуунун акысы чет өлкөгө салыштырмалуу бир аз гана жогору болууда.


Малазияда жайгашкан Азия-Тынч Океан Технология жана Иновация университети - аймактагы алдынкы окуу жайлардын бири. Бул окуу жайдын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Анис Ур Рехман сапаттуу билим берүүгө бул университетте бардык шарттар түзүлгөнүн айтты.

- Биздин университетте дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн студенттер билим алышат. Мындан үч жыл мурун окуу жайыбызда Казакстандан 10 студент билим алып жатышса, учурда алардын саны 300гө жетти. Азыр болсо биздин окуу жайда 10 чакты кыргыз студенттери окушат. Жакынкы жылдар алардын саны көбөйөт деген ойдобуз. Биздин университеттен алар сапаттуу билим алып, мыкты адис болуп чыгышат.

Адистердин баамында, Кыргызстанга бизнес, маркетинг, маалымат технологиясы жана инженер багытында билимдүү кадрлар жетишпей жатат.
Кыргызстандагы университеттерди аяктаган жаштар көп учурда маянасы төмөн болгон ишке орношушат.


“Word of Education” компаниясынын менеджери Болушбек Абдыжапаров буларга токтолду:

- Мындан он жыл илгери кыргыз студенттери Америка, Англия жана Европада билим алышкан болсо, учурда жаштар Азия мамлекеттеринде окуп келүүнү каалашат. Азыркы маалда Кыргызстанга дүйнөнүн көптөгөн университеттеринен өкүлдөр келип, маалымат таркатышат. Ошол эле маалда Кыргызстанда жакшы адистик боюнча билим алуунун акысы чет өлкөгө салыштырмалуу бир аз гана жогору болууда. Ошондуктан жаштар чет өлкөдөн билим алсак деп аракеттенип жатышат.

Тасмада: "Азаттык+": Адамдын күчү - билимде

Жаштардын “Азаттык+” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана реформаларга арналды.
"Азаттык+": Адамдын күчү - билимде
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00
XS
SM
MD
LG