Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

АКШ Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жиберет


АКШ президенти Барак Обама. Вашингтон, 2009-жылдын 23-ноябры.
АКШ президенти Барак Обама. Вашингтон, 2009-жылдын 23-ноябры.

АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы талиптердин жана “ал-кайидачылардын” козголоңчу күчтөрүн жеңүү үчүн кошумча аскер жиберээрин шейшембиде (Бишкек убактысы боюнча шаршембиде, 2-декабрда, таңкы саат 7де) жарыя кылды.

АКШ аскерлери Ооганстанга тез арада жөнөтүлүшү күтүлөт

“Бүгүн түнү мен жарыялап жаткан 30 миң кошумча аскер 2010-жылдын алгачкы жарымында - мүмкүн болушунча тез арада - жайгаштырылып, козголоңду басууга жана калк жайгашкан өзөккү чордон жайлардын коопсуздугун камсыз кылуу менен алектенет. Бул аскерлер Ооганстандын профессионал коопсуздук күчтөрүн машыктыруудагы биздин мүмкүнчүлүгүбүздү күчөтөт. Аларга шерик болуу аркылуу жоокерлерибиз улам көбүрөөк оогандардын күрөшкө катышуусуна өбөлгө түзөт. Бул аскерлерибиз коопсуздук жаатындагы жоопкерчиликти оогандардын өздөрүнө өткөрүп берүү үчүн Кошмо Штаттарга зарыл шарт түзүүгө көмөкчү болот” – деди президент Барак Обама..

- Мен, АКШнын Башкы командачысы катары, Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жиберүүнү өзүбүздүн өтө маанилүү улуттук кызыкчылыкка төп келген чара катары аныктадым. 18 айдан кийин биздин аскерлер атажуртубузга кайта баштайт. Бул аскерлер – демилгени колдон чыгарбашыбыз үчүн зарыл ресурс. Ошол эле учурда, аскерлерибиз Ооганстандан чыгып кетиши үчүн жоопкерчиликтүү өткөрүп алууну жүзөгө ашыруу максатында Ооганстандын коопсуздукту камсыз кылуу кудурети чыңдалмакчы.

Президент Обама НАТОго мүчө жана башка шерик өлкөлөргө да өз ыраазычылыгын билдирди.

- Биздин досторубуз Ооганстанда биз менен чогуу салгылашып, кан төгүп, курман болуп жатышты. Эми биз бул согушту жеңиш менен бүткөрүшүбүз керек. Мында НАТОго артылган ишеним гана чоң сыноого кабылып жаткан жок, мында биздин ынтымакташтарыбыздын жана дүйнөнүн жалпы коопсуздугу кыл учунда турат, - деди ал.

Бул кошумча аскерлер жиберилген соң, АКШнын Ооганстандагы аскеринин жалпы саны 100 миңдей болот.

АКШ президенти Нью-Йорк штатындагы Вест Пойнт жергесинде Аскердик академияда жарыя кылган бул долбоорду сынга алгандар да жок эмес.

Гэллап уюмунун кечээ (1-декабрда) жарыяланган соңку сурамжылоосуна караганда, америкалыктардын 55 пайыздайы Обаманын Ооганстан боюнча саясатына канааттанбаганын билдирген.

Тасмада: Б.Обама: "Дүйнөнүн коопсуздугу кыл учунда"

2-декабрда АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы талиптердин жана “ал-кайидачылардын” козголоңчу күчтөрүн жеңүү үчүн кошумча 30 миң аскер жиберээрин жарыя кылды. ZMa, SA, MiT.

Б.Обама: "Дүйнөнүн коопсуздугу кыл учунда"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

XS
SM
MD
LG