Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Аликбек Жекшенкуловдун соту дагы жылдырылды


Аликбек Жекшенкулов соттун алдында.
Аликбек Жекшенкулов соттун алдында.

Бүгүн Биринчи май райондук сот мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун ишин кароону улантты. Бирок Таластан күбөлөр келбей калганына байланыштуу соттук териштирүү 10-декабрга жылдырылды.

Биринчи май райондук соту “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун ишин карай баштаганда, мамлекеттик айыптоочулар Кудайберген Чыраков Талас облусунан күбөлөр келбегенине байланыштуу сот жараянын кийинкиге жылдырууну өтүндү.

-Урматтуу судья, сотко күбө катары чакырылган Базылбек Кемелбековдун атасы түшүндүрмө берип, Ички иштер министрлиги аркылуу бизге беришти. Анын уулу Казакстанга иштегени кетиптир, дареги белгисиз экен. Ошондуктан аны сотко катыштырууга мажбурлап алып келүү токтомун тилекке каршы аткара албай калдык.

Ал ошондой эле күбө катары түрк жараны Дошалыкты дагы сотко катыштырууга алып келе алышпаганыдыгын мойнуна алды.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Азизбек Турдалиев кийинки соттук отурумда Таластан күбөлөр алып келинбесе Аликбек Жекшенкулов баш болгон айыпталып жаткан беш адамды сурай турганын прокуратура кызматкерлерине эскертип, сот жараянын 10-декабрга жылдырды.

Сотко катышканы барган «Алиби» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков «мамлекеттик айыптоочулар мыйзамдуулукту коргоонун ордуна оппозиция өкүлдөрүнө эптеп эле айып тагууну көздөөдө»,- деп эсептейт.

-Аликбек Жекшенкуловдун ишине катышып жатам. Мен өзүм дагы адвокат болуп иштеп жүргөм. Бул жерде кызыктай бир ой-максат көрүнүп турат. Мамлекеттик айыптоо оппозиция мүчөлөрүнөн кылмышты жасаганбы же жасаган эмеспи, айыпталып жаткан беренелер боюнча күнөөсү барбы, жокбу?- деген маселенин үстүндө эмес, «кандай болсо дагы буларды кылмыш жообуна тартуу керек» деген максаттын үстүндө иштеп жатканы ачыктан эле көрүнүп турат.

Бабырбек Жээнбеков ошондой эле мындан төрт күн мурда экс-коргоо министри Исмаил Исаковдун сотуна катышканын, анда мамлекеттик айыптоочулар мыйзамды сыйлабай, өкүмзордукка салып Исаковду 8 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөнү, Петровка окуясы боюнча күбөлөргө жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаганы оппозиция өкүлдөрүнө күчтөп айып тагып, абакка камоого кылган аракет катары бааларын билдирди.

-Бүгүнкү күндө мамлекеттик айыптоочулар саясий буйрук менен иштеп жатышканы көрүнүп турат. Ошол себептен бул оппозициянын өкүлдөрүнө мыйзам чегинде жаза көрүлөт деген ишеним жок болуп баратат.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар Кенжегул Кукеев менен Кудайберген Чыраков «Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу иш мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат», деп жарыша жооп беришти.

- А. Жекшенкуловдун канчалык күнөөсү бар экендиги Башкы прокуратуранын айыптоо протоколунда жазылган. Эми анын канчасы сотто далилденет, бул соттун жыйынтыгы менен чечилет. Алдын ала эч нерсе деп айта албайбыз. Жаңы жагдайлар чыгып калышы мүмкүн, чыкпай калышы мүмкүн.

19-ноябрда Эсеп палатасынын инспектору Сагын Атаев сотто көрсөтмө берип, текшерүүдө Аликбек Жекшенкулов министр болуп иштеп турганда Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн Кытай грантынан каражаттарды уурдоо болбогондугун, тек гана министрлик «Мамлекеттик сатып алуу» жөнүндө мыйзамга ылайык тендер өткөрбөгөнүн билдирген болчу.

Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министринен түшкөндөн кийин, оппозицияга өткөндө ага Кытайдын жардамы менен министрликтин имаратында жүргүзүлгөн ремонт учурунда казынага 690 миң сомдук зыян келтирген деген кине менен кылмыш иши козголгон болчу.

Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында анын 2006-жылы өкмөттөн белекке алган тапанчасынан Таласта түрк ишкери Сервет Четин атып өлтүрүлгөн делип шектелип айып тагылып, камакка алынган. Ал мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын абагында беш ай камакта жатып, август айында үй камагына чыгарлыган.

XS
SM
MD
LG