Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Ал өйүз менен бул өйүз


Аликбек Жекшенкулов соттон кийин
Аликбек Жекшенкулов соттон кийин

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 22-июнда мындан эки жыл мурда киши колдуу болгон түркиялык ишкердин өлүмүнө байланышкан, ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоого жумшалган кытайлык каражат боюнча ачылган кылмыш иштерди кароо улантылды. Бул иштерге шектүү делген 6 кишиге айыптары угузулуп, соттук териштирүү башталды.

Эмнеликтен Шаңхай кызматташуу уюмунун Бишкектеги чоң жыйыны алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жайгашкан имаратты жасалгалоого байланышкан иштер менен мындан 2 жыл илгери киши колдуу набыт кеткен түркиялык ишкер Сервет Четинди атып өлтүрүүгө тиешеси бар деп, шектелип аткандардын кылмыш иштери бириктирилип калышы сот катышуучуларынын өздөрүнө деле түшүнүксүз.

Эки иш боюнча айыпталынып жаткан оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова аларды өз-өз алдынча кароо керектигин сураган өтүнүч эки ирет четке кагылганын айтып, аны сот гана чечерин билдирди.

- Өзүңүз деле көрүп атпайсызбы. Бир туруп Дипсервиздин иши каралат, анан карасаң атып өлтүрүү териштирилип жаткан болот. Баарысы аралашып кетти. Бири экинчисине кошулуп эле жатып калды. Эки ишти ажыратуунун жөнү бар болчу. Бул маселени сот гана чече алат.

Аликбек Жекшенкулов өзүнө коюлган айыптарды моюнга албастыгын белгилеп, айыптуу иш делинип жаткан Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоо кыйла түйшүк, талаш-тартыш менен жүргөнүн кошумчалады. Соттук отурумдун соңунда ал-ахывалы дурус экенин билдирүүгө үлгүрдү.

- Алынча, Kудайга шүгүр!

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы мындан эки жыл илгери кытайлык 15 миллион юань, кыргыз акчасына которгондо 73 миллион 995 сомго Тышкы иштер министрлигинин имаратын толугу менен оңдоп чыккан. Кытайлыктар жөнөткөн жупкадай жука эшиктер жарабастыгын эчен ирет кагаз, жөн оозеки айтуудан эч нерсе өзгөрүлбөгөнүн көргөн министрликтин а кездеги жетекчиси эшиктер менен жерге салчу материалдарды алмаштырууга буйрук берген. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага айып катары коюп жаткан калың эшиктер менен кыргыздын оюу-чийүүсү түшүрүлгөн килемдерге төлөнгөн 43 миң доллар акча ошентип сарпталган.

- Алар 2 метр 80 сантиметр бийик эшик жөнөтүшпөй, 2 метр 20 сантиметрлик эшиктерди жөнөтүп, үстүн айнек менен тосуп коюшубузду айтышыптыр. Ал эми эшиктердин өңү кабинеттердеги эмеректердин өңүнө өңдөш болушу керек эле. Кытайлыктар болсо туу түсүндөгү кыпкызыл эшиктерди салып ийишиптир,- деп сотто “Кыргыздипсервистин” а кездеги аткаруучу директору Виктор Горбенко түшүндүрмө берди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы статс-катчысы Таалай Кыдыровго, министрликтин административдик чарбалык бөлүмүндө иштешкен Данияр Мамырбаевге, Нургүл Токтосуновага кеңселик товарларды тендерсиз сатып алууга жол беришкени үчүн айып коюлууда. Баш-аягы 6 миллионго жакын сомдун чоо-жайы соттук териштирүү маалында такталмакчы.

Башкы прокуратура 2007-жылдын 9-декабрында Талас шаарында түркиялык ишкер Сервет Четинди Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун сыйлыкка алган тапанчасы менен атып өлтүрүшкөн, деп айып коюуда. Кылмышка шектүү делген Илияс Абдыкадыров кармалган учурда анын жанынан колго жасалган ок атуучу курал 30 огу менен алынган. Дипломатиялык курулуш менен жалданма киши өлтүрүүгө байланышкан кылмыш иштердин соттук териштирүүсү ушул жуманын аягында улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG