Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:01

Токтогул ГЭСинде авария эмес, техникалык мүчүлүштүк болду


Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун өкүлү Сергей Абдулхаиров билдирди. Анын айтымында, ГЭСтеги төрт агрегаттын экөө бузулуп калды. Алар бүгүн-эртең оңдолуп кайра ишке киргизилет. Агрегаттарды толук алмаштыруу көп каражатты талап кылат. С. Абдулхаиров агрегаттар ишке киргиче Кыргызстанда эртең менен жана кечкисин энергетика көп пайдаланган маалда чектөөлөр болорун айтты. Адистердин билдиришинче, бул мүчүлүштүк Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасына кедергисин тийгизбейт. Анткени ГЭС кошумча кубаттуулук менен иштеп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG