Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Ингушетия менен Түндүк Осетияга газ берилбей жатат


Орусиядагы бул эки республикадагы газ куурунда жардыруу болушу мүмкүн деген коркунучтун айынан газ кечээтен бери берилбей жатат. Кабарларга караганда, газ, жок эле дегенде, бүгүн эрте мененкиге чейин берилбейт. Анткени Моздок-Тбилиси газ куурунда жардыруу болушу мүмкүн деген кабарлар түшкөн. Жекшембиде Ингушетияда куурдун астынан бир топ мина, жардыруучу зат табылган. Караңгы кирип калгандыктан, аларды таң атканда гана жок кыла ала тургандыгын билдиришти. Газ бул эки республикага берилбей жатканын «Газпром» да тастыктады.

XS
SM
MD
LG