Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Рим Папасы адамзатты боорукерликке чакырды


"Өзүңөрдүн тар дүйнөңөрдү таштап, турмушта эмне болуп жатканына кызыккыла!", 2009-жыл, 25-декабрь, Ватикан
"Өзүңөрдүн тар дүйнөңөрдү таштап, турмушта эмне болуп жатканына кызыккыла!", 2009-жыл, 25-декабрь, Ватикан

Ушул күндөрү Ыйсанын туулган күнү белгиленип жатат. Бүгүн 25-декабрда Рим Папасы Бенедикт XVI Ватиканда майрамдык салттуу кайрылуусун жасады.

Кайрылуу «Шаарларга жана дүйнөгө» деп аталат, ал майрамдык салттуу сөз болуп эсептелет.

Ватиканда Рим Папасы Бенедикт XVI он миңдей адамдын алдында туруп, адамзатты моралдык кризисти жеңүүгө, ал эми бай мамлекеттерди ачкачылык менен куугунтуктардан качкан жарды өлкөлөрдүн мигранттарына жардам берүүгө чакырды.

"Кайрымдуу жана боорукер болгула"
" Өзүңөрдүн тар дүйнөңөрдү таштап, турмушта эмне болуп жатканына кызыккыла, чындык гана баардык адамдарды бириктире алат", - деди Рим Папасы

Ушул күндөрү Ыйсанын туулган күнү белгиленип жатат.

Кечээ кечинде Ыйсаны туулган күнүнө байланыштуу Ватиканда өткөн майрамдык таат жүргүзүү маалында 25 жаштагы Сузанна Майоло атту кыз чуркап барып Рим Папасын кучактай жыгылган. 82 жаштагы Бенедикт ордунан тез эле туруп, ибадат жүргүзүүнү андан ары улантканга жарады.

Коопсуздук кызматы Сузанна Майолону кармап, кийин ал оорканага жаткырылды. Ватикандын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, ал акыл оорусунан жабыр тартышы ыктымал. Ал ошондой эле Швейцария менен Италиянын кош жарандыгын алганы белгилүү болду.

Рим Папасы менен бирге бараткан Франциянын кардиналы Роджер Эчегерай дагы аталган окуя маалында жерге жыгылган, анын буту сынып, ооруканага жаткарылды.

XS
SM
MD
LG