Энергетика министрлиги жана өлкөдөгү энергетикалык компаниялар кечээ бул тармакта жыл жыйынтыгын чыгарышты. Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, анда майрам күндөрү электр энергиясын, жылуулукту жана көгүлтүр отунду берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо маселеси талкууланды. Баардык энергетикалык ишканалар ыкчам күзөт топторун түзүүгө милдеттендирилди. Жыйында ошондой эле кийинки жылы керектөөчүлөрдөн акча каражат чогултуу жакшыртуу, энергетика жана газды жоготууга учуратуу көрүнүштөрүн азайтуу тууралуу сөз болду. (EBM)