Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды


Бишкек гарнизондук соту бүгүн мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Исмаил Исаковго колдоо көрсөтүү үчүн Аскер сотуна көптөгөн тилектештери келди
Азырынча сот чечими боюнча кандай кадамдар жасалары белгисиз. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар сураган И. Исаковдун үй-мүлкүн конфискациялоо өтүнүчү канааттандырылган жок.

Ошентип президент Курманбек Бакиевдин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместигин билдирип, 2008-жылы октябрь айында Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткен Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү өткөн жылдан бери уланып, бүгүн минтип анын 8 жылга эркинен ажыратылышы менен соңуна чыкты.

Бүгүн түшкө чейин Исмаил Исаков соттогу акыркы сөзүн сүйлөгөн эле. Судья Серик Абиевге кайрылуудан баштаган сөзүндө Исаков алгач эле буларга токтолгон:

- Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болоор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Ак үйдүн жетинчи кабатында отурушуп “заказ” бергендер кыбаасы кана, бизге каршы чыккандар мына ушундай болот деп маашырланып отурушат. Түзүлгөн мына ушул кырдаал Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык - элдик бийликтин жоюлушун, анын ордуна үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.

Андан кийин Исмаил Исаков 2008-жылы Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кетүү себебине токтолуп, мына ошондо айтылган сыны, андан кийинки саясий ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын белгиледи. Ал коюлуп жаткан бардык айыптарды четке какты. Балыкчы аскердик бөлүгүндө техникалардын жоголушу боюнча жыл бою жаманатты кылып олтуруп, аягында прокуратура айыпты алууга аргасыз болгонун, калган коюлган күнөөлөр боюнча да айыбы жоктугун дагы бир жолу белгиледи.

Ошондой эле бийлик башындагылар үчүн генералдык наамы керек болсо, аны өткөрүп берүүгө даярдыгын айтты:

- Айыпталуучулар сизден мени 8 жылга эркимден ажыратууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, кырк жыл маңдай терим менен, адилет, таза ишим менен тапкан байлыгым - генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек. “Байлык, бийлик колдун кири”-деп бийлигин былтыр эле өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле, өз эрким менен генерал-лейтананттык наамды да өткөрүп берейин, - деген генерал Исаков генерал-лейтенанттык кош жылдыздуу белгини судьянын алдына койду.

Бирок адвокат Азимбек Бекназаров “Башкы аскердик судья Абышкаевдин таза эмес колу ага тийгенге акысы жок”,- деп генералдык белгини алып койду.

Өз сөзүн Исаков мындайча аяктады:

- Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете “Эркиндик үчүн ким күн сайын күрөшсө, мына ошол гана ага татыктуу” болот деген экен. Ошондуктан биз эркиндик, адилеттүүлүк, Кыргыз элинин, мамлекетинин бакубаттуулугу үчүн күн сайын күрөшкө чыгышыбыз керек! Мына ошондо гана биз максатыбызга жетебиз!

Урматтуу сот! Мага коюлган күнөөлөр негизсиз, айыптарды моюнга албаймын. Мага козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп эсептеймин. Сизди адилеттүүлүккө чакырам.




Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG