Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

БЭК Исмаил Исаковду коргоо комитетин түздү


12-январда Бириккен элдик кыймылдын жыйыны болуп, анда Исмаил Исаковду жана Петровка окуясы боюнча cоттолуп жаткандарды коргоо комитети түзүлдү. Комитет төрагалыгына Топчубек Тургуналиев шайланып, ал 13-январдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштаарын жарыялады.

Мурунку коргоо министри, Коопсуздук кеңештин катчысы, азыркы кезде оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков 11-январда Бишкек гарнизондук соту тарабынан айыпталып, 8 жылга эркинен, генерал-лейтенант наамынан ажыратылды. Ал сот залынан кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагына камалды.

БЭК Исмаил Исаковду бошотуу талабын койду

Бириккен элдик кыймылдын лидерлери 12-январда Исмаил Исаков боюнча билдирүү таратышты. Анда Исмаил Исаков коргоо министри кезинде армияны көтөргөнү, аскерлердин материалдык-техникалык муктаждыктарын чечкени белгиленген. Исмаил Исаковго чыгарылган өкүм оппозицияны да, бийликтеги кызматкерлерди да коркутууга багытталган. Исаковду камоо менен саясий репрессиянын кезектеги этабы башталып, ал саясий террорго айланууда деп белгиленген.
Исмаил Исаковго чыгарылган өкүм оппозицияны да, бийликтеги кызматкерлерди да коркутууга багытталган.
Бириккен элдик кыймыл

Расмий бийлик, прокуратура кызматы Исмаил Исаковдун ишинде саясат жок экенин билдирип келатат.

Кыймыл төрагасынын орун басары Эмил Каптагаев БЭК Исаковду бошотуу талабын коёрун жана саясий күрөштү улантарын билдирди:


- Бул таза саясий репрессия болду. Соттун кандай болгонун көдүңүздөр. Анда судья тараптан мыйзам бузуулар орун алды. Бириккен элдик кыймыл генерал Исаковду бошотуу талабын коюп, өлкөдө прогрессивдүү өзгөрүүлөр болуш үчүн күрөштү чечкиндүү улантат.

Комитет ачкачылык акциясын баштайт

Бириккен элдик кыймылдын жыйынында ошондой эле Исмаил Исаковду, Эркин Бөлөкбаевди, Сапар Аргымбаевди жана Уран Рыскуловду коргоо комитети түзүлдү. Анын жетекчилигине белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев бекитилди. Комитеттин курамына Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Мукар Чолпонбаев, Бабырбек Жээнбеков, Омор Нарбаев, Асия Сасыкбаева, Рыскелди Момбеков жана башкалар кирди.

Комитеттин иши тууралуу Топчубек Тургуналиев буларды билдирди:

- Саясий камактагыларды коргоо комитети Исаковду, Бөлөкбаевди, Аргымбаевди жана Рыскуловду коргойбуз деп чыккандардын аракеттерин координациялай турган комитет болот. Мына ошондой болсун деген сунуштар айтылды.

Комитет өзүнүн акциясын 13-январда тарта Исмаил Исаков баш болгон саясий камактагыларды бошотуу талабы менен ачкачылык акциясын баштайт.

Исмаил Исаковдун адвокаты болгон Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, ал учурда Бишкек гарнизондук соттун өкүмүн алып, аны жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрылуу аракетин жүргүзүүдө.

Тасмада: Исмаил Исаковдун иши боюнча сот өкүмү

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG