Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Кыргыз өкмөтү Гаитиге жардам берээри тактала элек


Кыргыз өкмөтү Гаитидеги зилзаладан жабыр тарткандарга жардам жибереби, жокпу азырынча тактала элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Гиатиде 12-январдагы күчү 7 баллдык жер титирөөдөн 50 миңдей адам казат тапкандыгы кабарланууда. Бул өлкөгө Кытай, Франция, АКШ, Орусия өңдүү өлкөлөр өз жардамдарын жөнөтүшкөн. Дагы 30дай мамлекеттер жардам берүү иштерин жасап жатышканы айтылып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG