Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Конституциялык Cоттун төрайымы Светлана Сыдыкова 2009-жылда жасалган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2009-жылы Консотко 132 кайрылуу келип түшкөн. Бул 2008-жылга салыштырмалуу 36га көп. Арыздардын көбү сот чечимин кайрадан карап чыгуу маселесине арналган. “Консотко кайрылуу тартиби жөнөкөйлөнүп, мамлекеттик төлөм алынып салынган. Сот иштерине байланыштуу даттануулардын жана арыздардын көпчүлүк пайызы негизинен элдик укук билим деңгээлдин жетиштүү эместигине байланыштуу болуп жатат”, - дейт С.Сыдыкова. (КЕ)