Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Д. Ошурахунова: Курултайдан сыртта калбайбыз


«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын директорлор кеңеши жыйын куруп, анда 23-мартта чакырыла турган курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жер-жерлердеги иш-чараларга катышуу чечимин кабыл алды. Бул жөнүндө аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошуракунова "Азаттыкка" билдирди.

- Биздин директорлор кеңеши ошондой чечим кабыл алды. Азыр жер-жерлердеги өткөрүлүп аткан курултайга сөзсүз биздин активисттер, мүчөлөр катышышы керек. Анын ичинде бизде беш позиция бар, ошону сөзсүз элдерге жеткиргенге аракет жасашыбыз керек.

- Ал кайсы позициялар?

- Биринчиден, биз Конституцияга киргизилип аткан өзгөртүүлөргө каршыбыз. Экинчиден, бул Ынтымак курултайы болуп аткандан кийин ал жерге билимдүү, илимдүү, авторитеттүү адамдар чакырылып атат. Бирок ошонун ичинде саясий партиялар тизмеде жок болуп калган. Ошон үчүн саясий партиялар, күчтөр, албетте жаштар, аялдар чакырылыш керек. Ал эми бийликке берип койсок алар дүжүр чалдардын баарын чакырышат. Ал дүжүр чалдарды биз Акаевдин учурунда деле көргөнбүз.

Үчүнчү позицияда, УТРК бийликтин гана жаңылыктарын бербей, элге чындыкты айтыш керек. Ал үчүн баягы эле оппозицияга, саясий күчтөргө дагы сөзсүз эфир берип турушу керек. Төртүнчү маселе, журналисттерге азыр чоң кысым жасалып атат, анткени алар чындыкты айталы деп аракет жасап атат, мамлекет биздин журналисттерди, башка активисттерди кандай коргой алат.

Бешинчиден, албетте, азыр кымбатчылык эмне себептерден киргизилип атат, бийлик ал жөнүндө билет, алар кандай чараларды көрүп атат деген. Ошондой проблемалар бар, ошонун баарын айтып кетишибиз керек.

- Динара айым, коалициянын мүчөлөрү түшүндүрүү, үгүт иштери менен эле чектелип калабы, же ынтымак курултайына да катышуу маселеси барбы?

- Ал жөнүндө биз дагы сүйлөшөбүз. Ал үчүн жер-жерлердеги курултайга сөзсүз катышып, 23-мартта кандай маселелер көтөрүлөрүн биз билишибиз керек. Азырынча биз билбейбиз. Ошон үчүн жер-жерлерде курултайга катышып, өздөрүнүн сунуштарын бериши керек.

- Ынтымак курултайы кандай деңгээлде өтөт, таза, илимдүү, билимдүү адамдар келет? Ушул боюнча көз карашыныз кандай?

- Ал биз үчүн чоң суроо. Биз билебиз бийлик шайлоону бурмалап, ыплас иштерди колдонуп атышат. Мен айтып коеюн, жер-жерлердеги активисттер эгерде угуп атсаңар баргыла, катышкыла. Азыр жер-жерлерде комиссия түзүлгөн, алар кимдерди кандай чакырабыз деген процедураларды иштетип атат.

Ошол жерге барып катышып, курултайлар кайсы жерде, качан болоорун билип, элге жарыялаш керек. Мени чакырбай койду дебей өзү барыш керек. Анткени бул бийликтин курултайы эмес, бул элдин курултайы. Ошон үчүн элдин укугу бар, баарын бирдей мамиле жасаш керек, барып, катышып, сөзсүз өзүнүн пикирин айтышы керек.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG