Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Н.Уолкер: Кыргызстандык жаштар активдеше баштады


"Ы" мууну аттуу сүрөт сынактын көргөзмөсү.
"Ы" мууну аттуу сүрөт сынактын көргөзмөсү.

Кыргызстан жаштарын ойлондурган маселе - жумушсуздук жана кирешелүү жумуш табуу болуп эсептелет. Мындай жыйынтык Кыргызстан жаштарына арналган адам өнүгүшү боюнча Улуттук баяндамада айтылгандыгын Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.

- БУУ өткөн жылы биринчи жолу жаштар арасындагы абалды изилдеп көрдү. Мындай изилдөө биринчи жолу болуп жатат. Кыргызстан жаштарынын келечеги кандай экен?

Нил Уолкер: Кыргызстан жаштарынын көз карашы боюнча менин оз оюм бар. Жакында “Ы” мууну деп жарыяланган сүрөт сынакта да байкадым, жаштар өздөрүнүн максаттарын сүрөт аркылуу болсо да көрсөтүп берүүгө аракет жасап жатышат.

Эң негизгиси эле жаштардын ою экономикалык шарттарга байланышкан. Ишке орношуу, жумушсуздук, экономикалык коопсуздук - кыскасы кантип акча табыш керек деген маселелер жаштарды көп ойлондурат экен. Ушул багытта жаштар өз ойлорун катуу айтып жатышат. Соңку мезгилдерде алар активдүүлүгүн, башкача айтканда, жаштардын бар экенин көрсөтүүгө аракет кылышууда.
Бизде “бир сүрөт миң сөзгө татыйт” деген сөз бар. Эгер ошол чын болсо сүрөт менен канчалаган сөздөрдү түшүнүүгө болот.


Жаштардын сапаттуу жумуштарга өтүү мүмкүнчүлүгүн ачуу үчүн өлкөдө сапаттуу билим алуу системасы керек. Алгач ушул маселени чечип алуу зарыл.

- Мамлекеттин жаштарга болгон кам көрүүсүн кандай баалайсыз?

Нил Уолкер: Азыр Кыргызстан жаштарга жакшы көңүл буруп жатат. Атургай муну артыкчылыктуу маселе катары карап жатат. Бирок көп учурда деги эле мамлекет үчүн жаштар менен байланышуу, сүйлөшүү кыйынга туруп калышы ыктымал. Ошондой учурда биз, Бириккен Улуттар уюму, доклад, сынактар аркылуу көпүрө болуп бере алабыз.

- БУУ тарабынан уюштурулган “Ы” мууну жаштардын сүрөт сынагы да ушуга карата жасалган аракеттин бириби?

Нил Уолкер: Мен Кыргызстанга биринчи келгенде жаштардын саны көп экенин түшүндүм. Биз анализ жүргүзүп баштаганда жаштар саясий диалогдун бөлүгү катары өздөрүн сезбегени жана алар кайсы бир деңгээлде өздөрүн мүмкүнчүлүгү чектелген катары карашат экен.
Көп учурда деги эле мамлекет үчүн жаштар менен байланышуу, сүйлөшүү кыйынга туруп калышы ыктымал.


Ошондуктан быйылкы жылы биздин мыйзам жаштарга арналмакчы. Алардын маселесин түшүнүү үчүн биз кайсы бир кеңешчи же экспертти чакырган жокпуз. Биз жаштардын өзүн тарткан натыйжалуу болорун түшүндүк. Бул сынак менен жаштарга өздөрүнүн ойлорун, аракеттерин сүрөт аркылуу көрсөтүп берүүгө мүмкүнчүлүк бердик. Бизде “бир сүрөт миң сөзгө татыйт” деген сөз бар. Эгер ошол чын болсо сүрөт менен канчалаган сөздөрдү түшүнүүгө болот. Кыскасын айтканда, жаштардын абалын анализдеп чыгууга мүмкүн.
XS
SM
MD
LG