Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Депутат Отунбаева Мамдума депутаттары менен жолугушат


СДП фракциясынын маалыматына караганда СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева бүгүн Мамлекеттик Думанын “Справедливая Россия” фракциясынын депутаттары менен жолугушмакчы. Кыргызстандык оппозициячы ошондой эле “Эхо Москвы” радиосунун суроолоруна түз эфирде жооп берет.

Ушул эле күнү кыргызстандык оппозициячылар тобу Карнеги фонду, Хелсинки тобу баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар менен жолугушуп, тегерек үстөлдө талкууга катышаары болжолдонууда.

Кыргызстандык саясатчылар Москвага Социал-демократтар партияларынын КМШ форумуна катышуу үчүн кеткендиги мурда кабарланган. Саясатчылар тобунун курамында Жогорку Кеңештеги Социал-Демократтар фракциясынын өкүлдөрү Роза Отунбаева, Ирина Карамушкина, Ата-Мекен Социалисттик партиясынын өкүлдөрү Эркин Алымбеков, Болот Шерниязов бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG