Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

БЭКтин Аксыдагы мүчөлөрү алайлыктардын талаптарын колдоого алышты


Уюмдун Аксыдагы бөлүмүнүн төрагасы Исраил Шергазиев Кара- Жыгач базарынын жанында жүздөй киши жыйын куруп, мурдагы коргоо министр И. Исаковдун иши жана Алайдагы кырдаалды талкуулаганын билдирди. Жыйында И. Исаков менен Петровка жана Балыкчы окуяларында камалгандарды бошотуу жөнүндө Бишкекте, Алай районунда көтөрүлгөн талаптар колдоого алынды. Аталган чечим аткарылбаса, президент К. Бакиевге кызматтан кетсин деген талап коюлду. БЭКтин мүчөлөрү Алай элине кошулуп, жөө жүрүшкө чыгууга даяр экендиктерин билдиришти. (YA)

XS
SM
MD
LG