Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Былтыр дүйнөдө 110 журналист өлтүрүлдү


Кыргыз журналисти Геннадий Павлюк былтыркы кайгылуу тизменин эң аягына жазылды.
Кыргыз журналисти Геннадий Павлюк былтыркы кайгылуу тизменин эң аягына жазылды.

Эл аралык басмасөз институту дүйнөдөгү маалымат каражаттарынын абалын изилдеп чыгып, соңку он жыл ичинде 2009-жыл кабарчылар үчүн баарынан кандуу жыл болгонун маалымдайт.

Венада жайгашкан Эл аралык басмасөз (пресса) институтунун жылдык изилдөөсү көргөзгөндөй, былтыр журналисттерди түрмөгө отургузуу жагынан Иран биринчи орунду ээледи.

2009-жылы бир эле Иранда 100дөн ашуун кабарчылар менен блоггерлер, же интернетте атуулдук журналистика менен алектенген адамдар абакка отургузулду.

Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигин изилдеген топтун башкы редактору Энтони Милс Ирандагы журналисттердин абалы жыл бою дыкат байкоого алынганын айтат. “Иранда өкмөт маалымат таратуунун бардык түрлөрүнө чабуул койду. Июндагы президенттик шайлоо тууралуу жазган журналисттер, блогерлер, деги ал жөнүндө кабар жөнөткөндөрдүн баары куугунтукка алынды”, - дейт ал.

Эл аралык басмасөз институту Иранда андан тышкары реформачыл бир катар гезиттердин каттоо күбөлүгү тартылып алынып, далайы жарыкка чыкпай калганын маалымдайт.

2009-жылы дүйнөнүн ар тарабында кесиптик ишмердигине байланыштуу 110 журналист өлтүрүлүп, тарыхка кабарчылар үчүн соңку он жыл ичиндеги эң кандуу жыл катары кирди. Акыркы он жыл ичинде 735 журналист киши колдуу болуп каза тапса, алардын 170и Иракта көз жумган.

Энтони Милс согуш оту кайнаган жерде кабарчылардын өмүрү чоң коркунучка кабылаарын эскертет.

Соңку он жыл өтө оор болду, согуш жүрүп жаткан Ирак, Ооганстан, Сомали, Пакистан өңдүү өлкөлөрдө журналисттердин өмүрү көп кыйылды. Алардын өлүмү башкаларды сестентип-коркутту, ошентип отуруп чыр-чатактуу аймактардагы абал ойдогудай чагылдырылбай, татаал эрегиштин табиятын түшүнүү кыйын болуп калды”.

Журналисттердин бейажал өлүмү боюнча Орусия бешинчи орунга чыкты.

Соңку он жыл ичинде Орусияда 40тай кабарчы ар кандай кол салуунун айынан ажал тапса, алардын бешөө былтыр набыт болду.

Өкүнүчтүүсү, киши колдуу болуп өлгөн орус журналисттеринин өмүрүнө кол салгандар табылбай, тергөө аягына чыкпай, эч ким жазаланбаган бойдон.

Быйыл Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткан Казакстанда басма сөз эркиндигин кысмакка алуу жаман адатка айланганын Эл аралык пресса институту катуу эскертет.

Куралдуу эрегиш токтобогон Пакистанда былтыр сегиз журналист, Ооганстанда үч кабарчы курман болуп, дүйнөлүк кайгылуу тизмени арбытты.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун жаңы жыл алдында Алматыда кыянаттык менен өлтүрүлгөнү бул тизмеге былтыркы эң соңку факт катары жазылды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG