Жума күнкү (12-февралдагы) Жогорку Кеңештин отурумунда СДПнын парламенттик тобунун башчысы Роза Отунбаева азыркы адилет министри Курмантай Абдиевге: "Эмне үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө шашылып жатасыңар?" деген суроону узатып, Конституциянын өзгөртүү боюнча сунушталып жаткан беренелеринин долбоорунда кайталоолор көп экендигин, анда көрсөтүлгөн милдеттер так жазылуусун сунуштады.
Депутат Иса Өмүркулов (СДП) “жаңы долбоордо көрсөтүлгөн президенттин милдетин аныктоочу Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрү да качып кетсе эмне болот?” деген суроо узатып, ар бирөөнүн милдеттери менен бирге жоопкерчилигин да кошуп жазууну өтүндү.
Адилет министри Абдиев мырза Конституция башкаруу реформасына байланыштуу өзгөртүлүп жатканын белгилеп, Мамлекеттик кеңештин курамындагы сегиз киши качып кетпейт деген ойдо экендигин билдирди. (AJ)