Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

Митинг болгон маалда “Алмаз-Нарын” радиосунун кабелин кыркып кетишти


Нарындагы эркин "Алмаз-Нарын" радиосу обого чыкпай калды. Буга уктурууларды таратуучу антеннага туташтыруучу беш метрлик кабелди белгисиз адамдардын кесип кетиши себеп болду. Окуя бүгүн саат 9.30дан 11.00ге чейин Нарын шаары боюнча электр кубаты өчүрүлгөн маалда болгон. Дал ошол убакта Нарында электр кубатынын кымбатташына байланыштуу митинг өтүп жаткан эле. Радиого зыян ошол сааттарда келтирилди. Кабелди дароо калыбына келтирүү Нарындын шартында мүмкүн эмес экендигин адистер кабарлашууда. “Алмаз-Нарын” радиосунун директору Жаркын Ибраеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда кабелди кесип кетүү фактысы боюнча шаардык ички иштер кызматына арыз жазып жатат. Анын маалыматы боюнча, Нарындагы элдин нааразылык акциясы менен аталган окуянын дал келип отурушу кокусунан эместей.
“Алмаз-Нарын” - Нарын облусундагы жалгыз көз карандысыз радио. Ал ошондой эле “Азаттык” үналгысынын кечки жана таңкы берүүлөрүн жергиликтүү угармандарга тартуулап келатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG