Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Канттагы базасы аскер кызматкерлерин алмаштырат


1-марттан баштап Орусиянын Кант базасындагы аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү мекенине кайтарылат. Өткөн аптада база жетекчилигине шилтеме берип таратылган маалыматка караганда буга Орусиянын Коргоо министрлигинин чечими негиз берди. Коргоо министрлиги каражатты үнөмдөө максатында Орусиянын чет өлкөлөрдөгү бардык аскерий базаларында аскер кызматкерлерин жалгыз бой кызмат өтөөгө милдеттендирди. Ушул эле өзгөрүүнүн алкагында аскер кызматкерлеринин 90 пайызы алмаштырылат. Жаңы келген аскер кызматкерлери бир жылдан кызмат өтөшөт. Аскерий база Кыргызстанга Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында 2003-жылы сентябрда жайгаштырылган. Ал жерде 250 офицер, 150 аскер кызмат кылары мурда кабарланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG