Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Орус президенти Францияга мамлекеттик сапарын баштоодо


Дмитрий Медведевдин үч күндүк мамлекеттик сапары учурунда эки өлкө экономикалык, саясий, маданий алакаларын чыңдаары күтүлүүдө. 2010-жыл Францияда Орусиянын, ал эми Орусияда Франциянын жылы деп жарыяланган. Орус президентин Елисей сарайында француз кесиптеши Николя Саркози кабыл алат. Сүйлөшүүлөр учурунда Орусиянын Батыш Европаны энергия менен камсыздоосуна, Европадагы коопсуздук жана стабилдүүлүккө, Орусиянын Франциядан аскерий кеме сатып алуусуна байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө. Франция Орусияга аскерлер менен кошо бир нече тик учакты, танкттарды, брондуу машиналарды тартып жүрүүгө жөндөмдүү “Мистрал” кемесин сатып жатышына Грузия жана Балтика өлкөлөрү каршылык билдирсе, АКШ тынчыздануусун айткан.

XS
SM
MD
LG