Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Янукович Евробиримдиктин жетекчилери менен жолугушту


Украина президенти Виктор Янукович Европа интеграциясына өлкөнүн тышкы саясатында артыкчылык берилет деп билдирди. Өткөн аптада ант берип, кызматына расмий киришкен Янукович алгачкы сапарын Брюсселден баштады. Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо менен жолугушуудан кийин Украин президенти анын өлкөсү орус газынын транзитине жолтоо болбойт деп ишендирди. Янукович 7-февралда шайлоонун экинчи айлампасында премьер-министр Юлия Тимошенкону жеңген. Апта соңунда ал Москвада орус жетекчилери менен жолугушаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG