Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Н.Токтакунов: Митингдерди өткөрүү эркиндиги чектөөдө кала берди


Конституциялык соттун 2-марттагы чечими пикет-митингдерди эркин өткөрүүгө жол бербейт. Мындай пикирин “Азаттыкка” билдирген юрист Нурбек Токтакуновдун айтуусунда “Жарандардын тынч пикет, митинг өткөрүү укугу” тууралуу мыйзам долбоорунун 3-беренеси жокко чыгарылганы менен негизги чектөөлөр 4-5-беренелерде кала берди. Ал Конституциялык Сот “Жарандардын тынч пикет-митинг өткөрүү укугу” тууралуу мыйзамдагы 3-беренени жокко чыгаруу менен жарандар жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлгөн гана аймактарга нааразылык акцияларына чыга алышат деген чектөөнү алып салганын ырастап, бирок ошол эле учурда 4-5-беренелердеги чектөөлөр кала бергенин белгиледи. Анын айтуусунда 4-беренеде “жарандар пикет-митинг өткөрүү тууралуу жергиликтүү бийликке 12 күн мурун алдын ала маалымдама бериши керек” жана 5-беренедеги көрсөтүлгөн аймактарда гана нааразылык иш-чараларын өткөрө алат деген чектөөлөр пикет-митинг өткөрүү эркиндигиндеги эң башкы маселе болуп эсептелет.

Кечээ Конституциялык Сот “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун “Жарандардын пикет-митинг өткөрүү укугу” тууралуу мыйзамга байланыштуу арызын карап, аталган мыйзамдын 3-беренесин жокко чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG