Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

АКШ Конгрессинин комитетинде армян “геноциди” боюнча резолюция добушка салынат


Конгресстин Тышкы иштер боюнча комитетинде бүгүн добушка салынары белгиленген резолюция Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын Осмон империясы тарабынан кырылышын “геноцид” катары баалайт. Түркия мындай документтин кабыл алынышы Түркиянын Америка менен мамилесин бузарын эскерткен. Жогорудагыдай резолюциянын кабыл алынышынан улам эки өлкөнүн алакасы үзүлүшү мүмкүндүгүн, ага катар Америкадагы иш орундарынын тагдыры да тобокелчиликке салынып жатканын АКШнын аэрокосмос жана коргонуу өнөр-жайынынын жетекчилиги эскертти.

XS
SM
MD
LG