Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Казакстан: Атом ишканасынын мурдагы башчысына жаңы айып коюлду


Казакстандын эң белгилүү ишкерлеринин бири, мамлекеттик “Казатомром” компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишев эми арам акчаны адалдаганы үчүн айыпталууда. Ал камакка мындан бир жыл мурда эле алынган. Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалымат катчысы Нурдаулет Сүйүндүковдун айтымында, Жакишевге каршы жаңы кылмыш иши жүрүп жаткан тергөөнүн алкагында козголду. “Казатомпромду” 1998-жылдан камакка алынганга чейин башкарган Мухтар Жакишевге буга чейин уран боюнча активдерди чет элдик компанияларга мыйзамсыз саткан, башка бирөөнүн карамагына берилген мүлкүн талап-тоногон, кызматкеринин маянасын мыйзамсыз көтөргөн деген айыптар коюлган эле. Мухтар Жакишев болсо тагылган айыптарды төгүндөп келет. Учурда анын үстүнөн мурда козголгон иштер боюнча жабык сот жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG